Рустам Иноятов Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчылыгынан бошотулду. Ал бул кызматта 23 жыл иштеген
Өзбекстандын Улуттук коопсуздук кызматынын башчысы генерал-полковник Рустам Иноятов 23 жыл отурган кызматынан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Рустам Иноятовдун ордуна учурдагы Өзбекстандын Башкы прокурору Ихтиер Абдуллаев келди. Бул жөнүндө президент Шавкат Мирзийоев, прокуратура жана Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилери катышкан жыйында белгилүү болду.
Иноятов Улуттук коопсуздук кызматынын башчылыгына 1995-жылы келген. Ал эми Абдуллаев Башкы прокурор болуп 2015-жылдын апрель айында дайындалган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:41
2025-07-09

Рейтинг:
0

