super.kg logo

"Электр станциялары" ишканасынын жетекчиси эмне үчүн ЖЭБдин экинчи агрегатын учурунда ишке киргизе албаганын айтты

 

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Узак Кыдырбаев эмне үчүн ЖЭБдин экинчи агрегатын учурунда ишке киргизе албаганын айтты. Депутат Кожобек Рыспаев бул темага кайрылып, суроо салды.

"Эмне үчүн экинчи агрегат 5 күндөн кийин ишке кирди? Модернизацияланган ЖЭБ ачылган, ал жерде жалгыз агрегат иштеди. Тогуз суу жылытуучу блок иштеди, алтоо запаста турду. Эмне үчүн жаңы агрегат иштеген жок", - деди Рыспаев.

"Электр станциялары" ишканасынын башкы директору Узак Кыдырбаев депутаттын суроолоруна жооп кылып, абалды түшүндүрүүгө аракет кылды.

"Жаңы агрегатты иштетүүгө запастагы суунун көлөмү жетишсиз болду. Суу жылытуучу кичинекей блокторду толтурууга 600-800 метр куб суу запасы керек. Биз иштеп жаткан насоско жана жаңы агрегатты ишке киргизүүгө 3 күн суу топтодук", - деди Кыдырбаев.

Ал эми депутат Кожобек Рыспаев Кыдырбаевди жалган маалымат бербөөгө чакырды.

"Бүгүн химиялык блок жок. Ошондуктан силер жаңы агрегатты кошо алган жоксуңар. 5 күн өттү, жалган айтпаш керек. Химиялык блокту куруш керек. Жаңы суу блоктордун курулушу жакшы болду, эми химиялык блок курулушу шарт", - деди Рыспаев.

Өкмөт башчы Сапар Исаков кызматкерлер кошумча блокторду даярдап жатканын, бул да кошумча маселе жаратканын айтты. Ал запастагы суу сактагычтар жоктугун, бул маселелердин баарын иликтөө зарылдыгын кошумчалады. Кожобек Рыспаев толук курулушу бүтпөгөн ЖЭБдин кандай шартта ишке берилип кеткенине кызыкты. Өкмөт башчысы анын баары иликтөө иштеринде ачыкталарын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: