super.kg logo

"Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы канча айлык ала турганы белгилүү болду

 

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеңештин жыйынында Бишкек жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча маселе каралууда.

Анда КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева "Улуттук энергетикалык холдингдин" башчысы Айбек Калиевден канча айлык маяна ала турганын сурады.

Айбек Калиев: "Мен 39 миң сом алам. Бишкек ЖЭБинин жетекчисинин айлыгы 27 миң сом. От казанды иштеткендер эң аз дегенде 16-17 миң сом алышат", - деп жооп берди.

Айта кетсек, Бишкек шаарынын ЖЭБин модернизациялоо долбоорунун алкагында мурунку жабдуулар алынып, жаңы жабдуулар курулган. Буга жалпы эсепте 386 миллион доллар сарпталгандыгы маалымдалган.

29-январда өткөн брифингде Бишкек ЖЭБдин башкы инженери Нургазы Жээнбеков жаңыланган от казанын кошуу боюнча өзү чечим кабыл алса боло турганын айткан. Бирок ал эмне үчүн жаңыланган от казанын кошконго уруксат бербегени боюнча журналисттердин суроолоруна жооп бере алган жок.

“Улуттук электр станциялары” ишканасынын башкы директорунун орун басары Бердибек Боркоев: "Жаңыланган от казандарын кошуу үчүн 10 саат талап кылынмак, ошондуктан кошулган эмес. Эскилер үчүн 3 гана саат талап кылынат", - деп журналисттердин суроолоруна жооп берген.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.01.2018. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
39 мин сом бул официалдуу маянасы.Андан тышкаркы черный зарплатасы бар.Муну прокуратура изилдеш керек.
31.01.2018. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бирдемке болсо эле айлыгын санап, сурап отурушат, оздоручу байлыктарын илдирип ийбейли ошо жерде деп отургандары мн иши жок. Тобооо.
31.01.2018. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
39мин бул белыйга корсотулгону, андан сырткары мындай алганы жирный, айлык буга кызык эмес, каражаттын баары электр тармагында, анан болбой эле тарифти которуп каражат жетишсиз деп коп иштерди кылбай атышат, а так каражаттын баары ошол жакта, мамлекеттик структуралардын баары коррупцияга кокосуна чейин батышкан, ишти алдыга сурогон бироо жок, баарын жоготуш керек бок курсактарды!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: