super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Өзгөндөгү кылым карыткан мектептин имараты бул жылы да жаңыланбайт. Министрлик аны планга киргизген эмес"

 

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Көлдүк айылындагы Рысбай Конкошев атындагы №12-орто мектебинин окуучулары 90 жыл мурун курулган имаратта окуп келишет. Окурман 24-январда SUPER.KG'ге кайрылып "эң коркунучтуусу дубалдар урап жатат. Тез арада комиссия түзүп, көзөмөлгө албаса балдар окуп жатканда урап калса ким жооп берет?" - деп суроо салган.

Райондук билим берүү башкармалыгынын курулуш боюнча башкы адиси Урбай Кенеев порталга бүгүн, 31-январда кабарлагандай, бул мектептин ордуна быйыл жаңы мектеп курулбайт, балдар окууларын ушул эле мектепте улантышат.

"Чынында мектептин абалы өтө начар. Жаңы мектеп куруу боюнча Билим берүү жана илим министрлигине кат менен кайрылганбыз. Министрликтин жообу Ош облустук билим берүү башкармалыгы аркылуу бизге келди. Ал жоопто мектеп 2018-жылы эмес, 2019-жылы курула турганы көрсөтүлгөн. Себеби, быйыл жалаң гана курулушу жарым-жартылай болуп турган мектептер бүткөрүлөт экен. Рысбай Конкошев атындагы мектептен сырткары кооптуу абалда турган дагы 3 мектеп бар. Алар дагы киргизилген жок", - деди Кенеев.

Анын айтымында, №12-орто мектептин имараты 1932-жылдары курулган. Учурда 500 окуучу билим алат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери 2016-жылы мектепти 3-категориядагы кооптуу абалда деп тыянак чыгарып, пайдаланууга тыюу салган.

Кенеев быйыл бүткөрүү керек болгон мектептердин ичинен 10 мектепти планга киргизгенин кошумчалады. "Курулушу жарым-жартылай болуп турган 10 мектеп, 1 бала бакча, 4 спорттук зал быйылкы жылдын планына киргизилди", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
31.01.2018. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кандай окунучтуу Эми бул мектеп кочуп кеткенде кана жаны мектеп куруп беришет окшойт , окуучулардын умуту дагы акталбай калды .....
31.01.2018. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бийликке болгон ишенич очту бул айылдын. Жылда айтчу (соскасын) быйыл дагы беришиптирда. Эгер кырсык болуп албетте (кудай сактасын) бир нерсе болгондо анан кеч болуп каларын тушунушсо да киргизишпеди. Чынында унутта калган айыл болду. Кереги жок жерлерге муктаждык болбосо да мектептер салынган эки кабаттан. Эми алар МЧС тарабынан коопту деп жаны бойдон жабылып турушат. Муктаж болгон жерде эч нерсе жок. Бийликке наалат!
01.02.2018. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Быйыл чындыгында аябай умуттондук эле. Убагында Р.Конкошев (мурунку Кызыл-Ортябрь) орто мектеби ал кездеги республика борбору Фрунзе гана эмес союз борбору Москвада мыкты баага татып, аты жазылып турган мектеп эми мынтип жаны мектепке муктаж болуп турганда 2019-жылы кирет деп( кирип калса анда дагы) дегени кимди да болбосун окундурбой койбойт.
ere түзөттү 2018-02-01 11:43:36
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: