"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Билим берүү министрлиги окуучулар каникулда болсо да мугалимдердин иштеп жаткандыгынын себебин түшүндүрдү
Аба ырайынын кескин төмөндөп кеткендигинен улам окуучулар 26-январдан 30-январга чейин каникулга таратылган. Нарын облусунун Кочкор районундагы Дөӊ-Алыш айылынын тургуну SUPER.KG'ге "Суукка байланыштуу мектептерге каникул деп жарыялашты. Бирок мугалимдер күндөгүдөй иштейсиӊер деп жатышат. А эмне мугалимдер айтылып жаткан суукта жылуу үйлөрүндө отурса болбойбу?" - деп WhatsApp аркылуу суроо салган.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы мугалимдер аба ырайы суук болсо да иштөөгө милдеттүү экендигин кабарлады.
"Аба ырайы суук болсо да мугалимдерге каникул болгон жок. Сабактары жок болгону менен, алардын план жазуу сыяктуу иштери бар. Балдарды окутпаса да күн сайын жумушка келгендиги үчүн мугалимдерге кадимкидей эле маяна эсептелинет", - деп жооп беришти министрликтен.
Белгилей кетсек, окуучулардын каникулу алгач 26-январдан 30-январга чейин деп белгиленип, кийин 3-февралга чейин узартылган.











1 |