ЖЫЛНААМА, 31-ЯНВАРЬ: Болгариялык көзү ачык Ванга мындан 107 жыл мурун туулган
Болгариялык элдик дарыгер, атактуу көзү ачык Ванга (чын аты-жөнү Вангелия Пандева-Гуштерова) 1911-жылы 31-январда Болгарияда кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Үч жашка чыкканда энеси каза болот, 12 жашка толо элегинде дагы бир чоң кырсыкка кабылат: катуу шамал болуп, куюндун чок ортосунда калган Ванганын көзүнө топурак кирип көзүнөн жаракат алат. Үй-бүлөсү аябай жакыр тургандыктан аны дарыгерге көрсөтүү шарты да болгон эмес. Натыйжасында Ванганын көзү көрбөй калат.
Кайсы мезгилден тартып ал көз ачыктык кыла баштаганын эч ким так айта албайт. Ванганын касиети акырындык менен байкала баштайт.

Болгар окумуштуусу Георгий Лазанов Ванга феномин чейрек кылымдан бери иликтеп жүрүп, 7000 ашуун алдын ала айткандарынын жүзөгө ашкандыгын белгилейт. Ванга айткандарынын кокусунан дал келип калуусу 80 пайыздан жогору экен деген жыйынтыкка келген.

Айтылып жаткан 80 пайызга даңкы жер жарган саясатчылар да кирген.

Сталиндин өлөрүнө жарым жыл калганда да Ванга Иосиф Виссарионовичтин көз жума турганын алдын ала айткан. Анысы үчүн дароо эле түрмөгө камалат. Бирок жарым жылдан кийин чындап эле Сталин каза болгондо Ванга кайра боштондукка чыккан.

Окумуштуулардын эсеби боюнча Ванга касиетинин пайда болгон мезгилинен тартып акыркы күндөрүнө чейин (55 жыл) миллиондон ашык адам көргөн. Элден түшкөн каражатка Ыйык Петка православ чиркөөсүн салдырткан. Бирок анын расмий чиркөө менен болгон мамилеси начар болгон. Себеби православ дини ар кыл "көз ачыктардын" болуусун кабыл алган эмес.

Элдерди көрүп, сакайып кетишине жардам бергени менен, өзүн-өзү такыр дарылаган эмес. Акыркы күнүндө ал жээнинен бир чыны суу, бир үзүм нан сурап жеген. Андан соң аны жуунтуп коюусун талап кылып, "мына, эми даяр болдум", - деп айтканын бир канча басылмалар жазып чыгышкан. Эртең мененки саат 9дарда ата-бабасынын арбактары келгенин айтып, 1996-жылдын 10-августта саат ондо бул дүйнө менен кош айтышкан.
31-январдын жылнаамасы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.