super.kg logo
  Саясат  

Элчи Кылычбек Султан Корея Республикасынын президенти Мун Жэ Инге Ишеним грамотасын тапшырды

 

Бүгүн, 31-январда Кыргыз өлкөсүнүн Корея Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан Корея Республикасынын президенти Мун Жэ Инге Ишеним грамотасын тапшырды. Бул тууралуу Кыргыздын аталган өлкөдөгү элчилиги билдирди.

Элчи Кылычбек Султан Корея Республикасынын президенти Мун Жэ Инге Ишеним грамотасын тапшырды.
“Чоң Ва Де” хансарайында өткөн иш-чарада элчи менен президент эки тараптуу кызматташуунун негизги маселелерин талкуулашты.

“Кыргыз жери ажайып кооз жаратылышы менен даңкталат. Жылдан жылга Кореядан Кыргыз өлкөсүнө баргандардын саны көбөйүп жатат. Бул эки тараптуу кызматташтыктын өсүшүнүн дагы бир жагымдуу көрсөткүчү”, - деди Мун Жэ Ин.

Аземден кийин. Президенттик хансарайдан чыгып бара жаткан кез.

Ошондой эле ал мындан 80 жыл мурун Орто Азия өлкөлөрүнө кыйнап көчүрүлгөн этникалык корейлердин отурукташтыруу мезгилинде кыргыз элинин жылуу кабыл алгандыгын Корея Республикасы ушул кезге чейин жогору баалай тургандыгын кошумчалаган.

Өз кезегинде элчи Кылычбек Султан Корея Республикасы Кыргыз мамлекетинин тышкы саясатында маанилүү орунга ээ экенин белгилеп, Кыргыз тараптын мындан ары да алаканы жогорку деңгээлге чыгаруу ниетин айтты.

Кореянын мамлекет башчысы эки тараптуу кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгаруу үчүн корей тарап болгон күчүн жумшай турганын айтып, Кылычбек Султанга Корея Республикасындагы элчилик кызматындагы ишине ийгиликтерди каалады.

Элчиликтин кызматкерлери аземден кийин.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: