super.kg logo

Бүгүн Бишкек шаардык соту жактоочусу ооруп жаткан Салянованын ишин мамлекеттик адвокаттын катышуусунда карайт

 

Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралат. Кечээ, 31-январда Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекованын ооруп калганына байланыштуу жаңы жактоочу дайындалган. Ал соттон иш менен таанышып чыгууга убакыт берүүнү өтүнгөндүктөн сот ага бир күн даярданууга убакыт берген болчу. Отурум бүгүн, 1-февралда саат 10:00дө улантылат.

Жаңы дайындалган жактоочу Саня Ахмаметова журналисттерге бул убакыт иш менен таанышып чыгууга өтө аз экенин айткан.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.02.2018. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул сот отурумун токтоуп эле салса болчудай Бир ооруп калат Бир бошобой калат ж.б бошко убакыты коротушпай
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: