super.kg logo

Өзбекстандын коопсуздук кызматын 23 жыл башкарып, кызматтан бошотулган Рустам Иноятов президент Мирзийоевге кеңешчи болду

 

Өзбекстандын коопсуздук кызматын 23 жыл башкарып, кызматтан бошотулган Рустам Иноятов президент Шавкат Мирзийоевге кеңешчи болду. 73 жаштагы Иноятов мындан ары өлкө башчынын саясий-укуктук маселелер боюнча мамлекеттик кеңешчилигине дайындалды. Бул тууралуу өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Рустам Иноятов узак жылдар жетектеген коопсуздук кызматынан кеткенин президент Шавкат Мирзийоев 31-январда жарыя кылган.

Маалыматка ылайык, Рустам Иноятовдун ордуна учурдагы Өзбекстандын башкы прокурору Ихтиер Абдуллаев келди. Бул жөнүндө президент Шавкат Мирзийоев, прокуратура жана Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилери катышкан жыйында белгилүү болгон.

Иноятов Улуттук коопсуздук кызматынын башчылыгына 1995-жылы келген. Ал эми Абдуллаев башкы прокурор болуп 2015-жылдын апрель айында дайындалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(2)
01.02.2018. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыйын аксакал экен, биздин 120мээси жокторго караганда
01.02.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде эн узак иштеген бийлик окулу канча жыл турат экен бир ордунда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: