"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Исхак Раззаковдун туулган жана каза болгон жылдары туура эмес жазылып илинген Сокулуктагы баннер жаңыланат"
Сокулукта мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун туулган жана каза болгон жылдары туура эмес жазылган баннер алынды. Мындай маалыматты SUPER.KG порталына Военно-Антоновка айылынын башчысы Нурсуланбек Бөкөнбаев билдирди.
Анын айтымында, баннердеги туура эмес жазылган даталар оңдолуп, кайрадан илинет.
"Тарыхый инсандар тууралуу жасалган бул баннерлерди жергиликтүү кеңештин чечими менен биз илгенбиз. Компьютердик басып чыгарууга буюртма бергенбиз. Бирок баннердеги маалыматтарда компьютерде жазып жатканда ката кеткен. Аны илип жаткан муниципалдык мекеменин кызматкерлери да баам салышкан эмес”, - дейт Бөкөнбаев.
Ал белгилегендей, каталар оңдолуп, баннер 1 жуманын ичинде илинет. Буга тиешелүү айыл өкмөттүн кызматкерлерине эскертүүлөр берилгенин кошумчалады ал.
Эске салсак, буга чейин Чүйдүн Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы унаа жолго илинген баннерлердин биринде Исхак Раззаковдун туулган жана каза болгон жылдары туура эмес жазылгандыгын окурман "Элдик кабарга" жөнөткөн.
"Муну кандай түшүнсө болот, бизге окшогон жана өсүп келе жаткан жаш муундар мындай маалыматты көрүп ишенип калат. Мындай нерсени тактап анан жазышса болмок", - деген ал.
Сүрөттө көрүнгөндөй, баннерге Раззаковдун туулган жана каза болгон жылдарын 1817-1898-жылдар деп жазышкан. Ал эми мамлекеттик ишмер 1910-жылы 25-октябрда туулуп, 1979-жылы 69 жашында көз жумган.




1 |