super.kg logo
  Саясат  

«КРнын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилди

 

Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 25-апрелде кабыл алынган. Анда КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамында бирден аз эмес орунду парламенттик оппозициядан көрсөтүлгөн талапкерге берүү, корпорациянын башкы директорунун шайлануу мөөнөтүн 5 жылдан 4 жылга кыскартуу, башкы директор коомдук-саясий жана диний уюмдарда кызмат ээлей албай турган ченемди киргизүү, корпорациянын иши жөнүндө жылдык отчёт бекитилбей калган учурда, ошондой эле мыйзамдарга ылайык, Байкоочу кеңештин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин добушу менен КТРКнын башкы директорун ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча Байкоочу кеңештин укугун бекитүү каралган. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: