super.kg logo

Өзбекстанда сойкуканага келгендер 52 жаштагы аялды сабап салышкан. Ал алган жаракаттарынан улам көз жумду

 

Сүрөттө сабалган 52 жаштагы Тургуной Олтинова.Өзбекстандын Наманган шаардык ооруканасында 52 жаштагы жергиликтүү аял каза болду. Бир жума мурда ал коңшу жайгашкан сойкуканага келген адамдарды кууп, милиция чакырууга аракет кылган маалда катуу сабалган. Укук коргоо органдары тарабынан аялды сабаган адамдар кармалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатканы жазылат чет элдик маалымат булактарында.

Каза болгон аялдын коңшуларынын бири аны коңшу батирдеги сойкуканага келген адамдар сабаганын көргөндүгүн билдирген.

"Биздин үйдө сойкукана бар. Тургуной Олтинованы 23-январда кечки саат он жарымдарда ошол батирге келген белгисиз адамдар сабап кетишти. Биз анын кыйкырганын угуп сыртка чыкканда кол салган адамдар качып кетишти. Алардын бири беткапчан болчу. Канжалап жаткан Тургуной апаны ооруканага жеткирдик. Бир жумадан кийин, 30-январда ал каза болуп калды", – деген маркумдун коңшусу.

Наманган шаардык ички иштер башкармалыгынан кылмыш иши козголгон. Бирок милиция тараптан сойкукананы жабуу боюнча эч кандай чара көрүлбөгөнүнө маркумдун коңшулары нааразы болуп жатышканы жазылат маалыматта.

"Биздин үйдө балалуу үй-бүлөлөр жашайт. Ага карабастан сойкукана ачышты. Күн сайын жарым жылаңач кыздар эркектерди тосуп алышат. Тургуной апа бул үйдө кичинекей балдар дагы жашай турганын айтып, алар менен дайыма урушуп келген. Акыры аны катуу жазалашты. Эмнеге милиция унчукпайт? Бизди ушул таң калтырып жатат", – деген маркум Олтинованын коңшуларынын бири.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Комментарийлер(7)
01.02.2018. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер Душанбени Дүйшөмбү деп которосуңар,анан Тургуной Олтинова деп өзбекче жазасыңар,кандай түшүнсө болот силерди
01.02.2018. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
tursunbaev78, сен да Жолдошбаевден кем калышпаган адам экенсиң го
01.02.2018. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
tursunbaev78,тургунай Алтынова деп жазса ...элестет.саал..
01.02.2018. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tursunbaev78, документте кандай болсо ошондой айтылат. Элестет эртен Озбекстанга барсан сени Турсунбоев деп жазбайт да миргациялык баракча толтурганда
01.02.2018. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
tursunbaev78,э Турсунбоев ойлонсон бир аз)))
02.02.2018. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tursunbaev78, Душанбе таджик тилининен Дуйшомбу Кыргыз тили урматтуу Бир тууган
01.02.2018. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Паспорттогу аты жазылат да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: