super.kg logo

Мароккодо кар жаады. Бул өлкөдө карлуу кыш мындан 50 жыл мурун болгон

 

Түндүк Африкадагы Марокко өлкөсүнө акыркы 50 жылдан бери кар жаай элек болчу. Чет элдик маалымат булактары көп жылдык кургакчылыктан кийин аталган өлкөнүн жашоочулары ак карды көргөндүгүн жазышууда.

Ага ылайык, абанын температурасы Марокконун чыгыш, түштүк-чыгыш жана түштүк жагында төмөндөп, кар көбүрөөк жааган. Андагы чөлдөр жана оазистер ак карга бөлөнгөн. Карды күтпөй жашаган калк ага таңданып турган чагы. Туристтик шаар деп эсептелген Уарзазат жана Тарудант шаарларынын жашоочулары пальмаларды, үйдүн чатырларын, унааларды, бассейн, вилла жана жолдорду кар баскан тейде көрүштү.

"50 жылдан бери бул жакта кыш кургакчылык менен коштолчу. Жарым кылымдан кийин гана жашоочулар карлуу кышты көрүп жатышат", - дешкен жергиликтүү улуттук метеорологиялык кызматтын өкүлдөрү.

Жаратылыштын бул кубулушуна кубангандардын арасында чана жана лыжа тебүүнү каалагандар көп болуп, Мишлиффен жана Хабри тоолорунда кышкы оюндарды ойноп, ырахаттанып жаткандыгы жазылган маалыматта. Жергиликтүүлөр мындай кышты күтпөгөндүктөн сууктан жүдөп жаткандар да четтен чыгат. Жолдун тайгактыгынан унаалардын жүрүшү кыйындаган, кээ бирлери жылуу кийимдин жоктугун айтышса, арасында үйүн жылуулай албай жаткандар да бар.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(5)
01.02.2018. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анчалык кар юренда бизде.
01.02.2018. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
ТЭЦ иштен чыгып калсада чыдамдуу сабырлуу акылман боорукер Кыргыз элим чыдап жашап жатабыз.
01.02.2018. 16:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кар жаап койсо анда Рончик бул кышта барбайт турбайбы.
01.02.2018. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Торт мезгилди корсоткон жаратканга шугур !
02.02.2018. 03:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жарым кылымда карды корбой отуп кеткендери канча...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: