super.kg logo

Депутат тууну жумушчуларга жерге төшөөгө уруксат бергени үчүн "Сулайман-Тоонун" башчысын жоопко тартууну сунуштады

 

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Ош шаарындагы "Сулайман-Тоо" музей-комплексинин башчысы Абдыкайым Кангелдиевди жоопко тартууну сунуштады.

"Мага музейдин жамаатынан кат түштү. Алар музейдин башчысы иш бөлмөсүндө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканда жумушчуларга мамлекеттик тууну жерге төшөөгө уруксат бергенин айтышууда. Буга сөзсүз чара көрүү керек. Туу эски болсо да, ага таштанды чогултууга жол берилбеш керек. Жамаатта өз ара түшүнбөстүктөр болсо, бул маселеде чекит коюу зарыл", - деди Икрамов.

Эске салсак, "Сулайман-Тоо" музейинин жетекчиси Абдыкайым Кангелдиев туунун жерге төшөлгөн окуясы боюнча SUPER.KG`ге төмөнкөнү айтып берген.

"Бул иш мен кызматка келгенге чейин болгонбу, андан кийин болгонбу аны эч ким так билбей жатат. Биздин эмгек жамаат да ал сүрөттү ким тартканын так айта албайт. Ал киши бул жерде көп жыл башкы сүрөтчү болуп иштеп жүргөн. Сулайман-Тоонун башында дайыма туу илинип турат. Ал бир ай, эки айда тытылып кетет экен. Маразыков тытылган тууну жаңылап турат. Ошондуктан бул өзүнүн сүрөтү болушу да мүмкүн", - деген Кангелдиев.

Музейдин жетекчилиги сүрөттү интернетке тараткан Аширали Маразыков менен жеке келишпестиктери бар экенин айтып, бул жеке таарынычтардан улам жаралган абал деп түшүнүп жатканын билдирген.

"Өткөн жылы мен кызматка келгенден кийин, ноябрь айында ал кишини расмий түрдө сый-урмат менен пенсияга узатканбыз. Ал өз арызы менен иштен кетти. Кайра эле бир жумадан кийин жумуш берүүмдү сурап келди. Бизде штат жок үчүн жумуш бере алган жокмун. Кийин мени менен урушуп баштады. Азыр да башкы сүрөтчүнүн иш бөлмөсүн бошото элек. Ошондуктан бул жеке таарынычтан улам жасалган иш окшойт деп ойлоп жатам", - деген Кангелдиев.

Мыйзамга ылайык, мамлекеттик символдордун катарына кирген тууну өрттөгөн, айрыган, сыйлабастык мамиле жасаган адамдар жоопкерчиликке каралган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.02.2018. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Он онбеш жылга кесип ийгиле
01.02.2018. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Итке калпак кийгизгезгенде кайда элениз Тазабек аке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: