super.kg logo

Каныбек Иманалиев төрага бир нече жолу Баш мыйзамды бузганын айтып, алардын баарын санап берди

 

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынан депутат Каныбек Иманалиев төрага Дастанбек Жумабековдун беш жолу Баш мыйзамды бузганын айтып, алардын баарын санап берди. Эл өкүлү кечээ ЖЭБдеги аварияга арналган парламенттик жыйында да төрага бир канча эрежелерди бузганын эскертти.

"Кечээ олуттуу маселе каралды. Бирок төрага өзү "мен кандай чар жайыт алып бардым, ошону далилдеп бер" деди. Мен ошону далилдеп берейин. Биринчиден, "өкмөт башчы келсин" деп 4-5 депутат айтканына карабай, төрага "ал келбесин, тийиштүү адамдар жооп берет" дегендей кылды. Бешинчи жолу депутат чыкканда ал добушка коюлбай эле чечилиш керек болчу. Мында регламент бузулду. Андан кийин сын пикир айткан 5 депутат Зулушевге, Масалиевге, Жамалдиновго, Бокоевге жана мага комментарий берди. Мен өкмөт башчыга суроо берип жатсам дагы комментарий берди. Сын пикир айткандын баарына комментарий берип, өчүрүп салып жатты. Мурунку төрагалар 10 секунддан кошумча убакыт берчү эле.

Кечээ жыйындын аягында өкмөт башчы "Ала-Арча суусу ашып-ташып жатыптыр ошол жака барайын" деп суранган эле. Үч-төрт депутат "бир саат күтүңүз" деген. Мурунку төрагалар эч качан өкмөт башчысына каршы болгон эмес, бирок алар өзүнүн позициясын эч убакта парламентке таңуулабай калыс алып барчу. Ошондо парламенттин кадыры бийик болот.

Менин эсебим боюнча, төрага 8-9 жолу өкмөт башчыны колдоп сүйлөгөнү мени таң калтырат. Эшикте бир миллион эл суукта тоңуп жатса, өкмөт башчы менен кызматташыбыз керек, бирок ашыктан ашык колдоп, ага сын айткандарга комментарий берүү парламенттин кадыр-баркына шек келтирет деп ойлойм", - деди Иманалиев.

Депутат төрага кызматка киришкенден кийин бир канча жолу Баш мыйзамдын бузулушуна жол бергенин белгиледи.

"Регламенттин 20-беренесинде "төрага парламенттин кадыр-баркын сактоого чара көрөт" деп жазылган. Тескерисинче, кечээ кадыр-баркын тебеледи окшойт. Мындан тышкары "спикер регламентте көрсөтүлгөн иреттүүлүктү алып барат" деп да жазылган. Чар жайыт болуп, аягында токтом да кабыл алынган жок. Андан башка биздин төрага кызматка келгенден бери Баш мыйзам бир топ жолу бузулду. Мыйзам чыгаруучу орган болуп мыйзам бузуп жатсак, аким, губернаторлорго кантип үлгү болобуз? Биринчиден, Бажы кодексин кабыл алганда бузулган. Экинчиден, эки вице-премьер-министрди бекитүүдө бузулган. Үчүнчүдөн, Кубанычбек Кулматовду кызматтан бошотпой туруп, Улуттук банкка төрага кылганда бузулган. Төртүнчүдөн, ар бир мыйзам окулганда 10 күндөн убакыт берилиши керек эле. А биз үч күндө бюджетти кабыл алдык. Анын кесепетин кийин көрөбүз", - деди Иманалиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.02.2018. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Норм депутаттар только Ата Мекенде бар !
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: