super.kg logo
  Саясат  

Германиянын канцлери Ангела Меркель Франция президентинин ысымын адаштырып, журналисттердин алдында ыңгайсыз абалга туш болду

 
Парижге иш сапары менен барган Германиянын канцлери Ангела Меркель Франциянын учурдагы президенти Франсуа Олландын ысымын аталган өлкөнүн экс-президенти Франсуа Миттеран менен чаташтырып ыңгайсыз абалга туш болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жарыялашты. Окуя канцлер менен Франсуа Олланд журналисттерге маалымат жыйын өткөрүп жаткан учурда болду. Ондогон видеокамеранын алдында Меркель "биз иштеп жаткан маселе тууралуу Франсуа Миттеран сөз кылды" деп алды. (Жанында Миттеран эмес, Олланд отурган). Туура эмес сүйлөгөнүн дароо байкаган ал сөзүн оңдоого шашылды. "Жок, Франсуа Олланд, Франсуа Миттеран эмес, Франсуа Олланд",- деп абалды жайгарды.   

Олланд алгач канцлердин туура эмес сүйлөгөнүн укмаксанга салган, бирок Меркель өз сөзүнө оңдоо киргизгенден кийин жылмаюуга аргасыз болду.

Айта кетсек, мындай ыңгайсыз учур Меркель үчүн биринчи жолу болуп жаткан жок. Буга чейин ал кайсы бир эл аралык мектепте өткөн ачык сабакка катышып, картадан Гамбург шаарын таба албай көпкө убара болгон. Меркель ал шаарды Орусиянын аймагынан издеген.  

  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: