super.kg logo

Аида Салянова жаңы жактоочусуна иш менен таанышууга убакыт бербей койгон сотко ишенбөөчүлүк көрсөттү

 

Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Аида Салянованын жаңы дайындалган жактоочусу Саня Ахмаметова иш менен толук таанышууга убакыт аз берилип жетишпей калганын айтып дагы мөөнөт берүүнү өтүндү. Бирок сот анын өтүнүчүн четке кагып канааттандырган жок.

Жактоочу ишти жакшы өздөштүрбөй туруп кардарынын кызыкчылыгын коргой албай тургандыгын айтты. Ал эми Аида Салянова соттун бул чечимине нааразы болуп, ага ишенбөөчүлүк көрсөттү. Сот кеңешме бөлмөсүнө кирип чыгып, Салянованын келтирген өтүнүчүн орунсуз деп таап, четке какты.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
01.02.2018. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нары же бери кылгылачы ушу Салянованы,жарым жылдан бери соту бутпой койду да.Актагыла же камагыла нары.
01.02.2018. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаевдин оюна каршы чыкканы үчүн ушунча кыйнашты бул эжекени. Биз кандай өлкөдө жашап жатабыз..... Биз кайда баратабыз.......??????? Келечегибиз барбы? Же эртераак башка өлкөдөн гражданство алып көчүп кеткенибиз оңбу?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: