super.kg logo

Аида Салянованын жаңы жактоочусу иш менен толук таанышпай туруп, аны коргоого моралдык укугу жок экенин айтты

 

Бүгүн, 1-февралда Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын иши каралууда. Отурумдун жүрүшүндө Аида Салянованын жактоочусу Саня Ахмаметова иш менен толук таанышууга убакыт берүүнү өтүндү. Бирок сот аны канааттандырган жок. Андан соң жактоочу ишти толук өздөштүрбөй туруп кардарынын тагдыры чечилип жатканда аны коргогонго моралдык укугу жок экенин айтып, Салянованы кызыкчылыгын коргоодон баш тартты.

Бир нече убакытка созулган тараптардын талаш тартышынан кийин сот жактоочуну өтүнүчүн канааттандырып, Салянованы башка жактоочу коргой турган болду. Ага байланыштуу соттук отурум түштөн кийинкиге жылдырылды.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(2)
01.02.2018. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутпойт ко менимче мунун соту,2019 жылдан бутуп калса керек,,
01.02.2018. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соттор Ата Мекендин депутатарын соттоп караларды бошото баштады эми караларга арызданат окшойбуз соттор эч нерсе чечбей калды
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: