Литвадан алынып келген оор жүк ташуучу унаа жасалма документ менен бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн өлкө аймагына киргизилгени аныкталды
Литвадан алынып келген оор жүк ташуучу унаа жасалма документ менен бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн өлкө аймагына киргизилгени аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Борбордук бажынын аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында Литвадан алынып келген Даф үлгүсүндөгү автотранспорт каражаты Орусиядан каттоодон өткөндүгү тууралуу жасалма документти колдонуу менен, бажылык тазалоодон өтпөстөн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик номерин алып каттоодон өткөндүгү аныкталган.
Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголуп, мамлекетке келтирилген зыян 1 миллион сомдон ашты.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
-2

Комментарийлер(1)
ruslanz

01.02.2018. 13:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир машинаны айтасынар, андан кобун жеп атышса. Коррупция аябай кучоп кетти.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.