super.kg logo

Депутат Баткенде кургак учук ооруларын текшере турган рентген жок жарандар айласыздан Тажикстанга барып жатканын айтты

 

Баткенде кургак учук ооруларын текшере турган рентген жок. Бул тууралуу бүгүн 1-февралдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Карамат Орозова билдирди.

"Баткен облусунда кургак учук оорусу менен ооруган жарандар каттоодо тургандардан үч эсе көп. Баткенде кургак учук ооруканасында рентген аппараты жок. Кантип диагноз коёт? Мен 15 жыл ошол жерде иштегем. Ошол убакта Оштогу оорукананын көчмө рентгенин алып барып, өзүбүз каржылап күнүнө төлөп, айыл өкмөттүн 30 пайызын текшергенде каттоодогудан үч эсе көп чыккан. Бүгүн 10-15 жыл өтүп жатат, ушул күнгө чейин рентген аппараты жок. Кантип диагноз коюлат? Туура эмес аныктама берсе кандай жыйынтык болот? Жарандар рентген жок Тажикстанга барып түшүп келүүдө", - деди Орозова.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Баткен облусунда 369 жаран кургак учук оорусу менен ооруганы аныкталып каттоого алынганын айтты.

Ал эми Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулат Кадыров учурда бул багытта иш жүргүзүлүп жатканын айтты. "Мен билем биз Баткен облусуна рентген аппарат алып бергенбиз, ал сынып калган. Азыр ошол аппарат боюнча ишти жүргүзүп жатабыз", - деди Кадыров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: