super.kg logo

Бишкекте жылуулук жетиштүү берилбеген күндөргө жарандар жылуулукка карата төлөмдөрдөн бошотулат

 

Жылуулук жетиштүү берилбеген күндөргө жарандар жылуулукка карата төлөмдөрдөн бошотулат. Мындай чечимди бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңеш жалпы жыйында кабыл алды.

Депутат Дастан Бекешев ЖЭБде авария болгон учурда жетиштүү жылуулук менен камсыздалбаган жарандарды ошол күндөргө карата жылуулукка төлөмдөрдөн бошотууну сунуштаган болчу. Бул сунушка биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев каршы экенин айтты.

Бирок депутаттар Дастан Бекешевдин бул сунушун колдошту.

Эскерте кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылытуу төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
01.02.2018. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бошотмок тургай компенсация толоп бериш кк болчу. Министр Шадиев каршы болгонуна жол болсун
01.02.2018. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
nargiz-sa, эки ай толотпой анан дагы толоп бериши керек.
01.02.2018. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жанакы жегичти толотуш керек бир айдыкын бишкек бойунча ошол толосун
01.02.2018. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тиги каршы чыгып жаткан вице-премьер министр жумуштан кетсин ! Элге пайдасы тийбегенден кийин эмне кылып отурат ? Бир жума каттуу суукта элди асырап алалбаган , ушуларды ! Еще как бошотот да анан , эмне ушуп отурганыбыз , балдарыбыз ооруп калганы учун , 500сомдой даары сатып алып . Дагы буларга жылуулугу жок отурган кундорго толоп берелиби , кантип уялбай бетин табактай кылып каршы чыкты ? !
01.02.2018. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Компенсация толоп бериш керек болсо и так светтики келет балчайып
Tima0304 түзөттү 2018-02-01 15:58:08
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: