super.kg logo

"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Тогуз-Тородо митингге чыккан эл менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар тарап кетишти" дейт жергиликтүү бийлик

 

Учурда Тогуз-Торо районунда калдыктарды кайра иштетүүчү комбинаттын ишке киришине каршы болуп митингге чыккан эл менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, алар тарап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына Тогуз-Торо районунун акиминин орун басары Айбек Кожошев билдирди.

"2017-жылы сентябрда жеке компания тарабынан Тогуз-Торо районунда калдыктарды кайра иштетүүчү комбинат курула баштаган. Учурда курулуш иштери жүрүп жатат, 2018-жылдын июнь айында ишке кирүүсү керек болчу. Бул комбинат тууралуу айрым адамдар туура эмес маалыматтарды алышып, ал жергиликтүү тургундардын ден соолугуна жана табиятка зыян алып келет деп каршы болуп митингге чыгышкан экен. Мен митингге чыккан эл менен барып жолугуп келдим, алар кайрылууларын жазып беришти, анын негизинде 3-4 күндөн кийин аларга атайын адистер жана комбинаттын жетекчилери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп талкуу уюштурулат", - дейт Кожошев.

Айта кетсек, буга чейин окурман Тогуз-Торо районунда калдыктарды кайра иштетүүчү комбинаттын курулуусуна каршы митинг өтүп жатканын SUPER.KG порталынын "Элдик кабар" рубрикасына кабарлаган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.02.2018. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жалган айтып чоңдор өздөрү жыргашат да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: