super.kg logo

Дүйнө жүзүндөгү эң кооз имаратка ээ болгон окуу жайлар

 

Белгилүү америкалык "Times Higher Education" басылмасы дүйнө жүзүндөгү эң кооз имаратка ээ болгон жогорку окуу жайлардын тизмесин жарыялады.

10. Эң кооз имаратка ээ жогорку окуу жайлардын тизмесинин 10-сабына Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университети (МГУ) жайгашкан. Аталган окуу жай Орусиядагы эң байыркы университет болуп эсептелет, ал 1755-жылы негизделген. Университеттин негизделишине эң биринчи орус академиги Михаил Ломоносов зор салымын кошкон. Окуу жайдын башкы имаратын куруу иштери 1949-жылы башталып, 1953-жылы расмий ачылышы болгон.

9. Тизменин 9-сабында Ирландиянын борбор шаары Дублинде жайгашкан Тринити колледжи орун алган. Аталган колледж 1592-жылы негизделген. Бул колледждин өзгөчөлүгү имараттын сырткы гана көрүнүшүндө эмес, ичиндеги чоң залында жана китепканасында. Бул жерден көптөгөн тасмалар да тартылган.

8. Ар бир эле окуу жай ак мөңгүлүү бийик тоолорго болгон көрүнүш менен мактана албайт. Ал эми Франциянын Гренобль шаарында жайгашкан университетинде бул мүмкүнчүлүк бар. Анткени окуу жайдын короосунан жана аудиториялардын терезесинен Альпы тоолорунун укмуштуудай кооздугуна суктанууга болот.

7. Швециянын Уппсала шаарында жайгашкан окуу жайдын имараты архитектор Герман Теодор тарабынан өзгөчө стилде долбоорлонгон. Университет 1880-жылы курулган. Арадан көп убакыт өтсө да ал өзүнүн алгачкы көрүнүшүн сактап кала алган.

Жыйындар залыКитепкана

6. Гданьск техникалык университети Польшанын Гданьск шаарында жайгашкан. Окуу жайдын имараты бир канча архитектуралык стилде курулуп, айланасына көптөгөн эстеликтер орнотулган.

5. Даниядагы эң чоң шаарлардын бири Орхус шаарында орун алган университет жаратылыш менен адам жараткан нерселер өз гармонияда өкүм сүрө алат дегенге эң жакшы далил болуп эсептелет. Окуу жайдын башкы имараты Даниянын тарыхындагы эң маанилүү 12 имараттын катарына кирет.

4. Германиянын Росток шаарында эң байыркы университеттердин бири жайгашкан. Бул университетке тапшырган студенттердин саны жыл сайын көбөйүүдө. Имарат готикалык стилде курулган. Окуу жайдын башкы имараты шаардагы эң чоң сейил багынын жанында орун алган.

3. 1290-жылы негизделген Португалиядагы Коимбра университети бүткүл Коимбра шаары көрүнө турган тоонун боорунда орун алган. Университеттин борбору бул эски, тарыхый хан сарай. Дал ушул хан сарайда окуу жайдын символу болгон саат мунара да жайгашкан.

2. Испанияда жайгашкан Саламан университети дүйнө жүзүндөгү эң байыркы университеттердин тизмесинде 3-орунда турат. Окуу жай 1134-жылы алгач чет элдик студенттерге тил үйрөтүүчү окуу жай болуп ачылган. Имарат ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилген.

1. Италиянын Болон университети 1088-жылы негизделген. Ал дүйнө жүзүндөгү эң байыркы жана эң кооз жогорку окуу жай болуп эсептелет. Университеттин китепканасында 200 миңден ашуун томдук китептер бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(10)
01.02.2018. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Франция менен Даниянын университетине соз жок!!!
01.02.2018. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх
01.02.2018. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Укмуш ондогон кылымдар боюу сакталып келиптир, ошол бойдон. Жакшы мамиле кылышканы корунуп турат...
01.02.2018. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Озум окуган МГУ козумо жакшы корунду.
01.02.2018. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
aikera1992, :-[) кызытасын го
02.02.2018. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биздин колледждин ичи эмес сыртыда бир тусуно келишкен эскии. Биз качан онугот экенбиз эми
02.02.2018. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эх мен окууган унвер 3 орунда турат экен Испания саламан университети абдан кооз и жанында Акаев менен Бакиев качып кетип аткан эстелик сурот бар))) ишенбейсинерби?! Средний Азия ПРЕЗИДЕНТТЕРИ тууралу Диплом зашита кылган экен бизден мурда 2 жыл мурун буткон Кыргыз брат Аскеев Кылыч деген ишенбесенер ишип кеткиле)))
02.02.2018. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Португалия университетине соз жок
02.02.2018. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Менин университетим биринчи орунда экен го.Бирок туурасы Болонья (Bologna) болот.Болон эмес.
Alinur96kg түзөттү 2018-02-02 03:23:51
05.02.2018. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биздин ОшМУ да аябай сонун болуп баратат. Айрыкча Медицина факультеттеринин корпустары сонун. Учурда Искусство факультетине имарат курулуп жатат. Озубуздун корпустарда стандартка, талапка жооп берет)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: