Жакында түрмөдөн чыккан "кримавторитет" Чыӊгыз Жумагулов кайра камакка алынды
Жогорку Сот "кримавторитет" Чыӊгыз Жумагулов (каймана аты Дөө) боюнча Ленин райондук сотунун чечимин жокко чыгарды. Ага ылайык, жакында эркиндикке чыккан Жумагулов №3-колонияга киргизилди. Маалыматты бүгүн, 1-февралда Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы таратты.
Чыңгыз Жумагулов 2016-жылы апрель айында Бишкек шаарынын Чүй-Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишиндеги ок атышууга шектелип кармалган. 2017-жылы декабрда Жогорку Сот аны 7 жылга эркинен ажыраткан.
2018-жылдын 16-январында Ленин райондук соту №47-колониянын башчысынын сунушу менен Чыӊгыз Жумагуловду мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыгарган эле. 7 жылга соттолгон "Дөө Чыӊгыз" мунапыс мыйзамына илинип, 1 жылга жетпей түрмөдөн чыккан.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Инвесторлор иш башташса жок дегенде озубузго иш болуп уй булоосун кор оокаттын айынан узак убакыт корбой алыска кетпейт элек