super.kg logo
  Спорт  

Футзал боюнча Кыргыз курама командасынын машыктыруучусу: "Биздин максатыбыз тайпадан чыгуу"

 

Футзал боюнча Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугун алкагындагы Ливан менен боло турган беттешке даяр. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Футбол федерациясы башкы машыктыруучу Амиржан Мукановго таянып билдирди.

Анын айтымында, команданын башкы максаты тайпадан чыгуу, анткени атаандаштар тажрыйбалуу жана олуттуу, аларды жеңиш оңойго турбайт.

"Биздин максатыбыз тайпадан чыгуу. Ливан курамасы абдан тажрыйбалуу, алар ошол курам менен бир нече жылдан бери ойноп келүүдө. Андан тышкары бул команда реванш алууну күтүүдө. Алар менен биз 2016-жылы Азия чемпиондугунда ойноп, Ливан курамасы акыркы мүнөттөрдө жеңиштен кол жууган", - деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, Кыргыз курама командасы Азия чемпиондугунун "D" тайпасына туш келип, Иордания, Ливан жана Таиланд курамалары менен күч сынашат. Алар алгачкы беттешин 2-февралда Ливан курамасы менен өткөрүшсө, 4-февралда Иордания менен кез келип, 6-февралда Таиланд курамасы менен беттешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: