"5 суткадан бери ысык тамак иче элекмин же жууна албайсың" дейт Бишкектеги жылынуучу жайдын от жагуучусу










"5 суткадан бери ысык тамак иче элекмин же жууна албайсың" дейт Бишкектеги жылынуучу жайдын от жагуучусумун деген 60 жаштагы Алтынбек Шаменов. Бул тууралуу ал бүгүн, 1-февралда SUPER.KG порталына билдирди.
"Мен 28-январда жумуш издеп жүрүп, жылынуучу жайга кирип калдым. Талант деген киши "бул жерде жардамдашып тур, шеф менен сүйлөшүп биринен баштап жумушка киргизем деген. Ысык тамак жок, 5 суткадан бери нан менен эле чай ичем же жууна албайсыӊ.
ӨКМдан күндө нан таштап кетчү эле, кечээтен бери келе элек. Бүгүн эртеӊ менен мугалимдер келип таттууларды таштап кетишти. Бул жайга күнүнө 200дөй киши келип, ысык чай ичип жылынып кетишет. Түнкү 11-12ге чейин от жагып, кечинде жеӊемдин үйүнө барып тамактанып келем. Ал жакта күркөдө жашайм. Себеби агам каза болуп калган. Үй-бүлөм жок. Бир орус улутундагы аялым бар болчу, ал Орусияга кетип калган. Жети-Өгүздө атамдан калган үйдө бир иним турат. Анын 5 баласы бар болгондуктан үйгө батпай калдым. Ошол үчүн борборго келе бергем", - деди Бишкектеги жылынуучу жайдын от жагуучусу.
Бул боюнча Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматына байланышканыбызда: "Сиздер сурап жаткан Тынчтык кең көчөсүндөгү жылынуучу жай Ленин районуна карайт. Бирок ал жерде "жумушка алабыз" деген сөз болгон эмес. Бизде ишке сынак менен алынат. Ал эми тамак-ашты ыктыярчылар өздөрү алып келишүүдө. Эгер адамдардын бара турган жери жок болсо Бишкек шаарында үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар иштеп жатат", - деп билдирди Бишкек шаардык мэриясынан.
Эскерте кетсек, өткөн аптада Бишкекте бир нече убактылуу жылынуу пункттары ачылган. Ал жакка көчөдө баратып, үшүп калган шаар тургундары кирип, жылынып, ысык чай ичсе да болот. Ошондой эле үй-жайсыздар үчүн убактылуу баш калкалоочу жайлар да иштөөдө.
"5 суткадан бери ысык тамак иче элекмин же жууна албайсың"









1 |