super.kg logo

Парламентте гибрид кыймылдаткычтуу унааларды алып келүүдө бажы төлөмдөрүн жок кылуу сунушталды

 

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында 2019-жылдын 1-январынан баштап евро-5 стандартындагы таза бензинге өтүү боюнча мыйзам долбоору каралды. Бул мыйзам ЕАЭБ талаптарына ылайык, атмосфералык аба дуушар болгон зыяндуу таасирди токтотууга багытталган.

Ага ылайык, өлкөгө 2021-жылдын 1-январынан тартып евро-1, евро-2, евро-3, евро-4 стандартындагы күйүүчү майын сатууга жана пайдаланууга тыюу салынат. "Сапаты төмөн күйүүчү майлардан дем алуу органдарына зыян келтирүүчү химиялык күкүрт газы көбүрөөк чыгат. Анын кесепети дем алуу органдарынын бара-бара ракка чалдыгышын шарттайт", - деп жазылат мыйзам долбоорунда.

КСДП фракциясынан депутат Дастан Бекешев бул мыйзам долбоору жарандардын саламаттыгына карата багытталганын айтты.

"Сапаты төмөн күйүүчү майга тыюу салынбаса жарандардын өпкө ооруларынын көбөйүшүнө макул болгон болобуз. Дал ушул сапатсыз күйүүчү майдан улам онкологиялык оорулар кескин көбөйдү", - деди Бекешев.

"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Мирлан Жээнчороев: "Экологияны сактоо маселесинде гибрид кыймылдаткычтуу автоунааларды чек арадан киргизүүдөгү бажы төлөмдөрүн минималдаштыруу же таптакыр жок кылуу зарыл", - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
01.02.2018. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тиги Мирлан Жээнчороевдин 100 пайыз колдойм
01.02.2018. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура гибридке өтүш керек. бирок өрүсия макул болбойтко өздөрүнүн жигулилерин бизге сатыш керекта
01.02.2018. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Almaz_kg, Ообада Россия эптеп эски кускусун бизге сатам дегенда эми Жээнбеков саясий эркин корсотуп Япониянв ачык кылып койсогана.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: