super.kg logo

Москвада 5-кабаттан кулап кеткен Жаркынайга бүгүн Сабырбек Жумабеков операция жасайт

 

Орусияда көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап кетип Москва шаарындагы ооруканада жаткан Жаркынай Юсупова 20-январда Бишкекке алынып келип №4-ооруканага жаткырылган. Бүгүн, 2-февралда ага операция жасалат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Юсупова өзү кабарлады.

"Азыр абалым жакшы болуп калды. Бутумдагы темирлерди чечип, оң далыма операция жасалат. Аны Сабырбек Жумабеков өзү жасайт экен", - деди ал.

Белгилей кетсек, Жаркынай ушул жылдын 1-январында саат 07:00дөр чамасында Москвада жашап жаткан үйүндө терезеге парда тагып жатып 5-кабаттан түшүп кеткен. Кулап түшкөндөн кийин эс учу жок абалда шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Эки күндөн кийин ал эсине келип, жаракат алган жерлерине алгачкы операция жасалган. Өзүнүн айтымында, эки буту сынып, омурткасы жана оң колу жабыркаган. Мындан улам белинен ылдый тарабы эч нерсе сезбей жатат.

Жалал-Абад облусундагы Майлуу-Суу шаарынын 29 жаштагы тургуну Жаркынай 10 жылга жакын убакыттан бери Орусияда иштеп келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(5)
02.02.2018. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Батыраак сакайып кетиңиз операсия ийгиликтүү болсун Аллах өзү колдосун аамин
02.02.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудайым денсоолук берсин... Айыгып кетиниз!!!....
02.02.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акчан бар экен операция жасайт, азыр акчан жок болсо, карапда койбойт. Врачтар 5колунарды оозунарга тыкпай, оз жумушунарды так аткаргыла! Арам акча тешип чыгат. Операцияга 200мин, 300мин кетет деп, жарымынан кобун сол чонтокко салып коюшкандарда болсо керек.
02.02.2018. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
adii,Сабырбек Жумабеков сиз ойлогон врач эмес.
02.02.2018. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Операция ийгиликтуу отуп. батыраак айыгып кетуусун Аллахдан тилейбиз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: