super.kg logo
  Саясат  

Ош. Июнь окуясынын 3 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү

 
Июнь каргашасында курман болгондордун арбагына багышталып Куран окулду
Облус башчысы Сооронбай Жээнбеков "Июнь окуясын эстесек жүрөгүбүз сыздайт" деди
Бүгүн, 10-июнда Ош шаарында каргашалуу Июнь окуясынын 3 жылдыгы эскерилип, куран окулду.

Шаардын ар кайсы аймактарында окуяда каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө материалдык жардамдар көрсөтүлдү. Иш-чарага катышкан Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбеков буларга токтолду:

"Урматтуу туугандар, сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшүүгө дайым даярбыз. Жакын адамын жоготуу абдан оор жана кыйын. Бул биздин да башыбыздан өткөн, Июнь окуясын эстегенде биздин да жүрөгүбүздөн кан агат, эстеген сайын бейкүнөө өтүп кеткен ага-инилерибизге, эже- карындаштарыбызга куран окуп турабыз. Жараткан бейишинен орун берсин деп ар убак тилеп келем". Мындан башка да бир нече мамлекеттик кызматкерлер ал каргашалуу күндү эскеришип, анда каза тапкандардын жакындарына сабырдуулук каалашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: