super.kg logo

Салянованын соту. Жактоочу Жакупбекова жарыш сөзгө чыкты

 

Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык сотунда депутат Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум уланууда. Учурда сот залында анын жактоочусу Чынара Жакупбекова жарыш сөзгө чыгып, Салянова юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узартуу мыйзамдуу болгону боюнча жүйөлөрдү келтирүүдө. Жакупбекова Елисеевдин адвокаттык лицензиясы узартылганы менен, аны колдонууга мүмкүнчүлүгү болбогонун айтты.

"Елисеевдин адвокаттык лицензиясы узартылганынан эки ай мурун эле чет өлкөдө адвокаттык жеке компания ачкан. Анын компания ачуусуна Кыргыз мамлекетинен алган лицензиясынын эч кандай тиешеси жок. Анткени лицензия Кыргыз мамлекетинде гана жарактуу болбосо, башка мамлекеттерде жарабайт. Ленин райондук сотунда ишти караган сот Касымбеков чечим кабыл алууда биздин бул жүйөлөрүбүздү четке кагып, эске алган жок. Ошондуктан кылмыш иши эмненин негизинде козголгону азыркыга чейин белгисиз", - деди Жакупбекова.

Белгилей кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 10-октябрда Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: