super.kg logo

Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча соттук отурумда КамАЗдын айдоочусу акыркы сөзүн айтып, маркумдардын жакындарынан кечирим сурады

 

Бүгүн, 2-февралда Чүй облусунун Москва райондук сотунда вице-премьер-министр Темир Жумакадыров каза болгон жол кырсыгы боюнча соттук процесс уланды. Анын жүрүшүндө КамАЗдын айдоочусу Автандил Таалайбек уулу акыркы сөзүн айтып, каза болгондордун жакындарынан, туугандарынан кечирим сурады.

"Өз күнөөмдү моюнума алам. Адамдарды атайылап өлтүрөйүн деген оюм жок болчу. Кокустук болуп кетти. Маркумдардын жакындарынан, туугандарынан кечирим сурайм", - деди айыпталуучу.

Буга чейин мамлекеттик айыптоочу соттон КамАЗдын айдоочусун 11 жылга жатак абакка кесүүнү сураган. Бүгүн ага сот өкүмү чыгышы мүмкүн.

Эскерте кетсек, 2017-жылы 7-октябрь күнү Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада Тойота Прадо унаасынын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(13)
02.02.2018. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Жаштайынан мынча жылга кеспей эле коюшса...
кылмышкер санын көбөйтпөй...
02.02.2018. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Атайлаган жок да,сопсоо болсо,жол эрежесин бузбаса.Эх соттор!!! Мас абалда адам олтургондорду жон эле койо бересинер ээ,байкуш бул баланын пешенесине бийлик адамы туш келген экен да.Аллах колдосун сени ылайым Автандил.
02.02.2018. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Автандил деле тиргилик деп жургон да бийлик адамына туш келип пешенесине жазыптыр башкалар болгондо камашпайт эле. Эми элдешип суйлошуп макулдашса экен жапжаш жигитти наркынын ажалы ушуга себеп экен бейишин тилеп баланы кое бергиле
02.02.2018. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
2 адам мерт кетиптир да а. Бизде 3 адам олуп 2су бир туугандар эле 6 ай жаткызды бейм кайра чыгып эле тиргилигин кылып эле журот.
02.02.2018. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Колдо 3 адам каза болгон аварияга куноолуу деп табылганды уй камагына кести деп уккан элек, эми бул жигит атайын кылган жокда 11 жыл акыйкат чечим эмес. Соттор прокуратура ойлонгула.
02.02.2018. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Автандил сенин бошоп эркиндике чыгышыңды бүгүн жумада дуа кылам))
02.02.2018. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ысык Колдо мас кыз скорый помошту сузуп ичиндеги торт адамды олтутруп ,уй камагына чыгарып койду соттор.Мына сага мыйзам .Биздин мыйзам пластилин илибой жака чоюулат,кыйшайат дейсин
02.02.2018. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жатак абак, шарттуу кесилди, кучотурлгон тартипте, дегендердин кандай айырмасы бар? Мен тушуно бербейм. Билгендер айтып койгулачы сураныч.
02.02.2018. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым озу колдоп сотор адилетуу чечим чыгарышсын. ал эми каза болгондордун бейишин берсин Аллахым жакындарына сабыр берсин
momun74 түзөттү 2018-02-02 13:16:02
02.02.2018. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эххх эмне дешти да билбей калдым эми бул кырсык болуп кетти Автандил жаш бала оокот кылайын деп жанталашып журду да.
Эми мындай хова ж.б жук ташуучу оор жуктуу унааларга негизи кичене айдоочулук тажырыбаны талап кылса жакшы болмок... андай бизде мыйзам болсо балким бул кырсык болбой калат беле
Бизде акчан болсо ошол сенин мыйзамын болуп калдыгооо
02.02.2018. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу соттор бийликтегилер козунорду ачып кудайдан коркулачы
02.02.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
камазды сотторго мингизип катуу айдатып коруш керек мах.40-50км/час журот жугу менен,ал эми прадону айтпаса да белгилуу кандай журору...Жаш жигитке аябай эле кыйын болду.Жонокой бироону сузгондо мынчалыка жетмек эмес.Ай соттор соттор силерге да сот болот ал алып эмес,жашоо туболук эмес экенин унутбагыла!!!
02.02.2018. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орустардын бир анегдоту бар. Миллиондорду уурдасан 1жылга кесет, магазинден 2кг гречка уурдасан 5жылга кесет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: