super.kg logo
  Саясат  

Депутат Орусиянын Түштүк Сахалин аймагына миграция кызматынын өкүлчүлүгүн ачууну сунуштады

 

Кыргыз мамлекетинде жумушсуздарга берилүүчү жөлөк пулдун көлөмү 250 сом. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда КСДП фракциясынын жыйынында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова билдирди.

Исакунованын айтымында, жумушсуздук менен күрөшүү тармагында так саясат жок. “Ар бир райондо үч кызматкер отуруп алып, бир кагаз иштери менен алек болушат”, - деди Исакунова.

Депутат Карамат Орозова миграция кызматында ички жана сырткы миграцияны тейлеген департаментинин кызматкерлери аз болгонуна нааразы болду. Депутат билдиргендей, Кыргыз жарандары чет мамлекеттен татыктуу жумуш таппай жатышат.

Депутат Ирина Карамушкина Орусиянын Түштүк Сахалин аймагына миграция кызматынын өкүлчүлүгүн ачууну сунуштады. “Сахалинде иштеген жаран мага кайрылды. Айдоочу күбөлүк Орусияда жараксыз болот деген маалыматтар чыкканда ал жаран кайда кайрыларын билбей убара болуптур. Ошондуктан Сахалинге өкүлчүлүк ачуу зарыл”, - деди Карамушкина.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: