super.kg logo

Депутат Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысына: "Вице-спикердин атын билбегениңиз уят"

 

Бүгүн, 2-февралда КСДП фракциясынын жыйынында ички жана тышкы миграция маселеси тууралуу талкууланып жатат.

Анда Тышкы иштер министрлигинин статс-катчысы Айбек Омокеев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, вице-спикер Асел Кодуранованы "депутат айым" деп атады.

Бул учурда депутат Төрөбай Зулпукаров Омокеевдин Кодуранованы "депутат айым" деп атаганына нааразы болду. "Биз парламенттик, президенттик башкаруу системиндеги өлкөдө жашап жатабыз. Анан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асел Кодуранованын аты-жөнүн билбесеңиз эмне кылып жүрөсүз? Мейли башка депутаттардын аттарын билбесеңиз түшүнүктүү. Бирок вице-спикердин аты-жөнүн билишиңиз керек", - деди Зулпукаров.

Айбек Омокеев мындан кийин билип жүрө турганын айтып, кечирим сурады.

Мындан тышкары Зулпукаров Омокеевге мамлекеттик тилди тез арада үйрөнүшү керектигин айтты.

Статс-катчы кыргыз тилин үйрөнүп, аракет кылып жатканын билдирди. "Биз СССР убагында орус тилинде окуганбыз", - деп жооп кайтарды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.02.2018. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шокго. ТИМ статс секретарьы Вице-президенттин аты жонун билбесе бул жигит эмне иш кылып журот? Ушундайлар кызматта турса, эне тилин билбесе мамлекетибиз онукбойтда.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: