super.kg logo
  Саясат  

Депутат миграция кызматынын төрагасына: "Мадина" базарына барып көрсөңүз, Үрүмчүдө жүргөндөй болосуз"

 

Бүгүн, 2-февралда КСДП фракциясынын жыйынында ички жана тышкы миграция маселеси тууралуу талкууланып жатат.

Депутат Кожобек Рыспаев Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиевден "Мадина" базарына бардыңыз беле?" деп сурады.

Медетбек Айдаралиев барбаганын айтты.

Рыспаев: "Аталган базарга барып көрсөңүз, Үрүмчүдө жүргөндөй болосуз. Мен сизге бул нерсени эмнеге айтып жатам? Бул маселени мурунку чакырылыштын депутаттары көтөргөнбүз. Ошондо 3 миң уйгур улутундагы адам жарандык алганы айтылган. Бүгүнкү күндө уйгур улутундагы адамдардын канчасы жарандык алды?" - деди депутат.

Медетбек Айдаралиевдин айтымында, 457 жеке ишкерлер жарандык алышкан. Кийин 2017-жылдын октябрь айынан баштап токтотулган, учурда текшерүү иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 5 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: