super.kg logo

Билет баасы 750 сом: Интернетте Самара Каримова катышкан "Илегилек" драмасынын баасы талкууланууда

 

Социалдык тармактарда 15-17-февраль күндөрү Ош улуттук драма театрында башкы ролду Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова ойногон жазуучу, драматург Султан Раевдин чыгармасынын негизинде коюлган "Илегилек" драмасынын баасы кызуу талкууланууда.

Жогоруда аталган драманын баасы илинген афишаларда 750 сом экени көрсөтүлгөн. Көпчүлүк интернет колдонуучулар "спектаклде белгилүү ырчы башкы ролду ойногону үчүн баасы ушунча кымбатпы?" деген суроо салышкан.

Спектаклдерге болгон бааны сураш үчүн Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрына кайрылганыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти:

"Биздин Кыргыз драма театрында кандай гана спектакль коюлбасын баасы 200 сом турат. Ал көптөгөн эл аралык сынактарга катышып келсе да, жаңыдан коюлуп жатса да айырмасы жок. Театрдын эң негизги максаты күйөрмандарга руханий азык берүү жана искусствону сүйүүгө тарбиялоо болуп эсептелет".

Ал эми "спектаклдин баасы эмне себептен 750 сом деп коюлган жана бааларды ким көзөмөлдөйт?" деген суроо менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигине кайрылганыбызда: "Спектаклдерге болгон баа Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги жана Маданият министрлиги менен биргеликте бекитилет. Эки мамлекеттик орган спектаклдерге болгон эң жогорку бааны 500 сом деп бекитип берген", - деп билдиришти.

Ошондой эле азыркы тапта эмне себептен ОУДТда "Илегилек" драмасына болгон баа афишаларда 750 сом деп көрсөтүлгөндүгү тууралуу териштирилип жаткандыгын министрликтен кошумчалашты.

Айта кетсек, "Илегилек" драмасы буга чейин "Туңгуч" театрынын актёрлору тарабынан коюлуп, анда башкы ролду Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жамал Сейдакматова, жаш актриса Таазим Үметалиева ойногон. Аталган спектакль көптөгөн чет элдик театрларда көрсөтүлүп, Лондондо өткөн "Ачык Борбор Азия" аталышындагы II эл аралык искусство фестивалында "Алтын жоогазын" сыйлыгына татыган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -5 
Комментарийлер(42)
02.02.2018. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Ушул да жон журбойт экенда! Биролордун ырын ырдаганы жетишет!Андан коро озу ыр жазсын!Аны обсуждать эткен сайын ал кыйын боло берет ал жонундо эч нерсе жазбай комментарии жазбай койуш керек болду!
02.02.2018. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+28
750 сом? Өтө аша чаап жибериптир
02.02.2018. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+37
Бюджеттегилерди кыйнабаса болду,билет мажбурлап таркатып.
02.02.2018. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Nanei, туура айтасын алсан дага аласын албасан дагы аласын деп
02.02.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Элдин башына комета тушкон жок 750сомго спектакльга кирип)) Арандан 300с концертке киргенде, лично мен бекерге дагы кирбейм лучше 200 билет алып кино го барам
02.02.2018. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Самаш менен аскесине 750сом аз эле акча корунсо карапайым калк учун бул акча кымбат эле.Бир жеринерден тешип чыкпасын акчанар.кичине напсини тыйып азга канат кылыш керек да.самарага балдары корунбойле акча корунуп калды акыркы кундору
02.02.2018. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Байкуш апасына боорум ооруйт.8баласын чонойткону аз келгенсип кызынын 3баласын дагы багат
02.02.2018. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Ушинтип баркын кетиришет да
02.02.2018. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Озуну Мадонна сезип алдыго бул ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-02-02 17:45:03
02.02.2018. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
mentol,Орук как
02.02.2018. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Самара каякта жашап атканын унутуп калса А[moderated]синин акчасы көп болсо эле, элде акча бар деп ойлойт го.спектаклдерге азыр эч ким деле барбайт.
02.02.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Самара Каримова ошту каалагандай калчап ээлеп алган го өтө кызыл бат онот дечү эле ушинтип жүрүп бир күнү баарынан куру жалак калбагай элең өтө ач көз кыз экенсиң чын айтканда
02.02.2018. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эл азыр 750 сомго спектакльга кирмек тургай өздөрүнүн курсагын араң тойгозуп жүрөт силер адатынарды кылып элди мажбурлап билет алдырып көнүп калгансынар
02.02.2018. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Бюджетниктерге кыйын болгон турбайбы
02.02.2018. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ха ха дегеле ушу звезданын чыры бутподу...
02.02.2018. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мен да өтүп баратып афишаны көрүп таң калгам,ким кирет экен мынча акчага деп. Карапайым калк үчүн бул чоң акча да.
02.02.2018. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
750 сомдук спектакль коюш үчүн биринчи кезекте маданиятты өнүктүрүш керек искусствону өнүктүрүш керек силер чет мамлекетти туурабагыла алар 7500 дон койсо да эл барат анткени алардын маданияты бизден алда канча өнуккон а силерчи спектакльды мындай коё туралы төрт сап ырды да норма ырдай албайсынар уксан жалаң жеңил желпи тойдун ыры анан маданиятты өнүктүрүүгө салымыбызды кошмокчубуз деп койгон спектакльнар 750 сом мындайча айтканда жунхайдан сырты кызыл носкини Ош базарга алып барып 50 сомдон
Baku88 түзөттү 2018-02-02 20:01:14
02.02.2018. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Койгондой эле болуп атасынар кийсен жылуулугу жок. Биз буга 2 ай даярдандык дейсиң керек болсо 2 жыл даярданышынар керек. Силер азыр 750 сомдук спектакль койгонго таптакыр даяр эмессиңер биринчи озунорду даярдагыла анан эл силерди мажбурлантпай сурантпай өзү эле барат
02.02.2018. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-12
Эркектер кошо ушакташып ))))
Юпка эле кийип алгыла көралбай комент
Жазгандар,
Эркек эркектей болуш керекго .
02.02.2018. 21:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
sultan89,Нак эле өзүн катындын сөзүн сүйлөп коюпсун го
02.02.2018. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Омур бою омурун театрга-киного арнаган , эмгеги элге синген, корунуктуу, таланттуу Жамал Сейдакматова эжебиз башкы ролдо ойногондо деле 200 сомдон болгон экен билет баасы. Самара кечээ чыга калып эле озун бир башкача талант сезет окшобойбу. Асандын достору, туугандары эле уялганынан 750 сомго билет албаса, карапайым адам ошого бир аз акча кошуп 1 кап ун алып 1 ай жейт.
02.02.2018. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жамал Сейдакматова эжекебиздей,коруучунун журогуно жеткире аткаралбаганы окунучтуу...
02.02.2018. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
спектакльден коро бильярд ойноп алган жакшы достор менен
02.02.2018. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Самара Азия ырчысы эмес эле кыргызстанда эле ырчы баасы 750 сом деп дуйно жылдыздарына тен келбейт жеталбайт
02.02.2018. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Билетинер аябай кымбат экен.сулуу десе озун Таттыбубуго тенеп алган окшойт.Менин сулуугумду коргону эл келе берет деп.
03.02.2018. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушу кайсы бир куну очот болду экен бирде акында болуп кети элего орустар айткандай любой каприз за ваши денги болотата самарада
03.02.2018. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Akniet_kg96,фотомодель, журналист боло калганына эмне бересин дагы. Эч бир жумуштун отосуно чыкпай журот
03.02.2018. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тооба кылдым.Ким кирет мынча кымбат.
asia_92 түзөттү 2018-02-03 01:18:20
03.02.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырчыларды биз озубуз оолуктуруп,байытып атабыз.Тойго бир эки ырын кынылдап койгону учун 1000$кармата коюп.Мына эми накта ачкоз болуп калышты.Билеттин баасын 750сом кылып.
03.02.2018. 20:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
21кун концерт коюп элди зордогондой,алышат да байкуш бюджетниктер.Айлыгынан кармайт кыскартып айла жок барышат анан.Асан ХХХХХХХХХ иштен алыш керек,крышасы кучтуу болсо да маданият министринин кучу жетсе керек иштен алганга,же бир чыгарма жазбаса,же бир актер болбосо ал эмне ОУДТга директор болуп журот билбейсин,Самарасын го айтпай эле коелу эмгек синирген десе олгун келет,аллергия чыгып.
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-04 12:23:37
04.02.2018. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошол театрда иштеген байкуштар барат да жалан,кыйнап билет алдыртып койсо
05.02.2018. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба!!! Бар эле болсун да тфуу тфу Тфу. 750 сомго бензин куйсан а андан коро :)
05.02.2018. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Muslim_KGstana., адамдын намысына шек келтирген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
05.02.2018. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aza84, бирөөнүн дарегине карата далили жок маалыматтарды камтыган билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: