super.kg logo

Бишкек ЖЭБинин башчысы Нурлан Өмүркул уулу тергөө бүткүчө кызматтан бошотулду

 

Нурлан Өмүркул уулу Бишкек жылуулук электр борборунун башчысы кызматынан тергөө бүткүчө бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун жыйынында Нурлан Өмүркул уулунун ээлеген кызматынан убактылуу алуу боюнча чечим кабыл алынды. Бишкек ЖЭБинин башчысынын милдетин аткаруучу кызматына Таалайбек Бектенов дайындалды. Ал буга чейин "ГЭС куруу ишканасы" ачык акционердик коомунун башкы инженери болуп иштеп келген.

Белгилей кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: