super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-ФЕВРАЛЬ: Колумбиялык бийчи жана өзгөчө үндүү ырчы Шакира 41 жашка толду

 

Атактуу ырчы, бийчи жана модель Шакира 1977-жылы 2-февралда Колумбиянын Барранкилья шаарында жарык дүйнөгө келген. Анын таланты бала кезинен эле байкалган. Алгач башкалардан дилгирлиги, баарын өздөштүрүп кетүүсү менен айырмаланып турган. Мектепте окуп жүргөндө ар кандай иш-чараларда чыгыш бийин тажрыйбалуу деңгээлде бийлеп, элди таң калтыра баштаса, 8 жашынан тарта ырдап баштаган.

Шакира таланты гана эмес, сулуулугу менен да башкалардан айырмаланып турган. 13 жашында "Sony Music" компаниясы менен өзүнүн альбомун чыгаруу жө­нүндө келишим түзөт. Альбом ийгиликтүү болуп жаш кызды бүткүл Колумбияга таанытат. Ошентип 14 жашында өлкөсүндөгү өзгөчө үндүү атактуу ыр­чыга айланат.

Ал эми ырчынын экинчи чыккан “Коркунуч” аталышындагы альбому тескерисинче ийгиликсиз болуп калат. Мындан улам ал өз каалоосу менен бул альбомун жарнамалоону токтотот. Бул анын маанайына терс таасир тийгизип, туулган жерин, досторун таштап, апасы менен чогуу Колумбиянын борбору Богота шаарына жол тартат.

Борборго келгенден кийин эң биринчи "Sony Music" офисине жана "TV GUIA" журналына барып, интервью берет. Ал маектен кийин Шакирага "CENPRO" каналынан “Оазис” деген телесериалда башкы ролду ойноого сунуш түшүп, тартылып калат.

Учурда ал "Барселона" футболдук клубунун коргоочусу Жерар Пике менен жарандык никеде жашайт, ал эми экөөнүн ортосунда Милан жана Саша аттуу балдары бар. Түгөйлөр 2010-жылдын күз айларынан бери мамиле куруп келишкенин 2011-жылдын март айында гана ачыкташкан. Кызыгы Шакира сүйүктүүсүнөн толук 10 жашка улуу. Тактап айтканда, бүгүн Пикенин да туулган күнү, ал 31 жашка толду.

2017-жылдын май айында түгөйлөрдү ажырашты деген маалыматтар чыккан. Бирок көп өтпөй Шакира менен Жерар Пике бул маалыматты жокко чыгарышкан.

2-февралдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
02.02.2018. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пике менен бир күндө туулган экенда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: