"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: "Кадамжайда митинг өткөн жок, алтын казган компания эл менен жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү" дейт аким




Кадамжайда митинг өткөн эмес, алтын казган компания эл менен жолугуп түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул тууралуу бүгүн, 2-февралда Баткен облусунун Кадамжай районунун акими Жаныбек Исаков билдирди.
"Ал жерде митинг болгон жок, "Шамбы-Сай" алтын кенин казганы жаткан компаниянын өкүлдөрү алтын казууда жергиликтүү тургундардын ден соолугуна жана табиятка зыян келбей турганы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Алар элди өздөрү уюштуруп чакырышкан. Бул компания 2012-жылы алтын казууга уруксат кагазын алган, бирок дале казып баштай элек", - деди аким.
Айта кетсек, буга чейин окурман Кадамжай районунда алтын казган ишканага каршы митинг өтүп жатканы тууралуу билдирген эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:28
2025-07-17
16:21
2025-07-17
16:10
2025-07-17

Рейтинг:
0

Бул чондорун акчаны коргондо энелерин деле сатып жиберуудон бери тартпайтго( Тообо кылдым)!
Кенди изилдеп баштаганда эле канча мутон малдар туулуп баштаган. Ошондон элдин ан сезими ойгонуп, кендин кесекпети экенин андаган. Болбосо элге зарыл келиппи суукта ушуп тонуп, ошол жерди кенди кайтарып отурууга.
Ал жер Атамбаевдин же Жээнбековдун атасынан калган мурас жер эмес! Каалаганына сатып жибергидей!!! Болбогон акчага сатып, аныда жарылбас курсактарына жеп тындыларда. Эми элди алдай албай убара! Теле каналдардан жаш балага мультик койгондой алдап чыгатго. Элге мыынча пайда алып келет, тигинче жумуш орун болот деп.
Бирок! Жалпы эл Майдан айыл аймагы, дегеле Майдан эмес Кызыл-Кыя, Марказ айыл аймактары баары каршы. Исфайрам дарыясынан суу ичкендин баары эле каршы.
Буларын акчаны коргонду Аллах ды деле тааныбай калган
адамдар. Бир аз эл таламын талашсам иш ордумдан кетем
деп коркотда байкуш. Иш орун акча, бийлик эл каргышынан
ойдо деп ойлошотда.