super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 2-ФЕВРАЛЬ: Бүгүн АКШда расмий түрдө Суур күнү белгиленүүдө

 

Америкалыктар 1886-жылдан тарта ушул күнгө чейин 2-февралды расмий түрдө Суур күнү катары белгилеп келишет. Элдик ишенимге ылайык, чээнде жаткан суур бул күнү уясынан чыгып, өзүнүн көлөкөсүн көрүп кайра уясына кире качса, анда кыш дагы 6 жума бою созулат, ал эми кире качпаса жаз эрте келет.

Бул күндүн символу болгон алгачкы суурдун аты Улуу Фил болгон. Ал Пенсильвания штатынын Панксатони шаарында жашаган. Аталган шаар Дүйнөлүк аба ырайынын борбору деп аталган. Анткени жыл сайын 2-февралда таңкы саат 07:00дө эл Филдин аба ырайын кандай божомолдой турганын күтүшкөн.

Филдин божомолдорунун 40 пайызы гана туура чыккан. Буга карабай аталган суурга 1986-жылы АКШнын 40-президенти Рональд Рейган да келип жолуккан.

Фил шаардын сыймыгына айланып, аталган шаарга бир жыл ичинде 50 миңге жакын турист келген.

Чет элдик басылмалардын жазгандарына таянсак, 2-февраль күнү төрөлгөндөр бул күнү шаарда чоң масштабда уюштурулган майрамда ардактуу конок болушат. Ал эми ушул күнү баш кошкусу келген түгөйлөр Филдин аялы экөөнүн үлпөт тою өткөн чиркөөдө никесин мыйзамдаштырууну каалашат.

2-февралдын жылнаамасы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: