super.kg logo
  Спорт  

Бишкекте бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө (фоторепортаж)

 

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө.

Аталган мелдеште Тажикстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары катышып, эркектер жана кыз-келиндер 13 салмак ченинде күч сынашууда.

Кыргыз Республикасынын бокс боюнча федерациясынын башкы катчысы Бедалы Алымкулов мелдешке 146 спортчу катышып жатканын айтты.

"Мелдешке жалпы эсепте 146 мушкер катышууда, анда 139 спортчу эркек болсо, 7 спортчу кыз-келиндер. Ошондой эле мелдешке жакынкы чет өлкөлөрдөн мушкерлер келип күч сынашууда. Чет мамлекеттерден келген мушкерлердин саны 40ты түзөт. 3-февралда жарым финалдык беттештер орун алса, 4-февралда финалдык беттештер өтөт. Бул мелдештин жыйынтыгында биз бокс боюнча Кыргыз курама командасына 8 мушкерди чакырмакчыбыз. Алар Болгарияда өтө турган эл аралык бокс федерациясынын мелдешине катышат. Ошону менен биз август айында өтө турган Азия оюндарына жаңыланган Кыргыз курама командасын топтойбуз", - деди ал.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: