Жактоочу: "Жумуш убактысы бүткөнүнө карабай Аида Салянованын иши боюнча соттук отурум уланууда"
Аида Салянованын иши каралып жаткан соттук отурум жумуш убактысы бүткөнүнө карабай уланууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Аида Салянованын жактоочусунун жардамчысы Марлен Керимкулов билдирди.
"Бүгүн, 2-февралда Бишкек шаардык сотунда Аида Салянованын иши каралып жатат. Анын жүрүшүндө жарыш сөз орун алып, Аида Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова жарыш сөздү сүйлөп жаткан. Негизи соттук отурумдардын убактысы 17:30да бүтүшү керек эле, бирок сот жумуш убактысы бүткөнүнө карабастан мажбурлап улантууда. Чынара Жакупбекова эмчектеги баласы бар экенин айтты эле ага 17:40та үйүнө барып эмизип келүүгө 40 мүнөт убакыт берди. Чынара Жакупбекова үйүнө барып эмизип келгенден кийин учурда соттук отурум уланууда", - дейт Марлен Керимкулов.
Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

Текебаевди да так далили жок жалаа менен камап сала берди. Эми Салянова кезекте.
400млн$ ким жегенин издебейби ? Же кулаган учак жабылып кете бердиби ? Ош окуясы унутулду. Апрель окуясы эсте калды.
Тарыхта калат дегенибиз менен учурдагы жашоону талкалагандар тайраңдап жашап жүрөт.