super.kg logo

Каракол шаарында медициналык окуу жайдын директорунун өлүмүнө шектелген аял күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды

 

Бүгүн, 2-февралда Ысык-Көл облустук соту Каракол шаарындагы медициналык колледждин директорунун өлүмү боюнча ишти карап, өкүм чыгарды. Ага ылайык, Каракол шаардык сотунун өкүмү жокко чыгарылып, айыпталуучу 40 жаштагы Р.М. аттуу аял Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга эркинен ажыратылды.

Эскерте кетсек, 2016-жылы 17-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы Иса Ахунбаев атындагы медициналык окуу жайдын директору 1957-жылы туулган Анарбүбү Апсалиева өз үйүндө өлүү табылган. Анын өлүмүнө шектелип ошол эле окуу жайдын эсепчиси Р.М. аттуу 40 жаштагы аял кармалганын облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкен.

2017-жылдын 15-ноябрында Каракол шаардык соту соттолуучу Р.Мны 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде тагылган айыптан актап, ага карата башка иштер боюнча өкүмдөрдү чыгарган. Тактап айтканда, Р.М. медициналык окуу жайдын эсепчиси болуп турганда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мекеменин бюджетине тийиштүү акча каражаттарын өзүнө ыйгарып алгандыгы аныкталган.

Кийин өкүмгө нааразы тарап Ысык-Көл облустук сотуна кайрылышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
02.02.2018. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Супердин жаны санында акталды, ким олтургон дединерго супер инфо
02.02.2018. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
газетада акталды деп чыгардынар эле го
03.02.2018. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Каракол шаардык соту актаса. Обл сот 15 жылга кесиптир. Ошондо шаардык соттун судьясын камаш керек.туура эмес чечим чыгарганы учун
03.02.2018. 09:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне эле болуп баратат адамдар
08.02.2018. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шаардык сот актайт.обл сот күнөөлөйт.башкы сот актайт.рес.сот ишти шаардык сотко өткөрөт шаардык сот кайра актайт ошентип жүрүп бир күнү үч күнгө эсептелип бошотулат .аттин дүнүйө . А эженин жайы жаннаттан болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: