super.kg logo

Нурлан Өмүркул уулу Бишкек ЖЭБдин башчылыгынан кетти

 

Нурлан Өмүркул уулу Бишкек жылуулук электр борборунун башчысы кызматынан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Улуттук энергетикалык холдингдин" басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 2-февралда түштөн кийин премьер-министр Сапар Исаковдун тапшырмасы менен "Электр станциялар" ачык акционердик коому Нурлан Өмүркул уулун ээлеген кызматынан бошотту. Ал эми учурда Бишкек ЖЭБинин башчысынын милдетин аткаруучу болуп Таалайбек Бектенов иштеп жатат", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, буга чейин Нурлан Өмүркул уулу Бишкек жылуулук электр борборунун башчысы кызматынан тергөө бүткүчө бошотулуп анын ордуна убактылуу жетекчи болуп Таалайбек Бектенов дайындалган болчу.

Белгилей кетсек, 26-январда кечки саат 6 чамасында Бишкектеги Жылуулук электр борборунун модернизацияланбаган бөлүгүндөгү от казандарда маселе жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин төмөндөгөн. Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн.

Мындан улам 2 күн аралыгында Бишкекте электр энергиясын пайдалануу 8-10 пайызга жогорулаган. Электр жабдыктарына күч келгендиктен Бишкектеги кичи райондордо жайгашкан айрым көп кабаттуу үйлөр жарыксыз калган. Бишкек ЖЭБден 120 миң 947 үй жылуулук менен камсыздалат.

Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
02.02.2018. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Эмне жумуштан кетип жон эле кутулуп кетеби.Мирзиеевтон сабак алгыла кийинкилерге сабак болсун деп, канча ай иштесе ошончо алган айлыктарын кайра мамлекетке толоп берсин
KGstan1981 түзөттү 2018-02-02 22:00:56
02.02.2018. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул байкушта күнөө деле жок болуш керек саюз таркагандан бери бузулбай эле иштеп келген ТЭЦти 386 милионго жаңылап бирок жыйынтыгы ушул болууда. Ошого себеп болгондорду, оңдогондорду, оңдоткондорду жазалаш керек. Кайсы жерин ката жазашкан, кемчилик эмнеден болду 386 милион кайсыл жака жумшалды бүт баарын тыкыр иликтеп примериби, президентиби, экс президентиби күнөөлү болсо жооп бериши керек.
02.02.2018. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тэцтин кызматкерлери айтып жатат жумушун билген жигит экен. Бул жигиттин ордуна татыксыз бироону коет эми сапаш исаков.
03.02.2018. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар ото чон сумада жешиптир или мурунку ажобуз сумканы алып келип ичин толтуруп кетти уят каттурак чара коруш керек Сапар Исаков уят каттурак чара корун жеген булар100% 386миллион деген эмне акча бишкекетин жанына Бишкек2 деген шаарча куруп койсо болот бул акчага силер онолбойт экенсигер да эл да 10кундон кийин унтуп койот катту чара коруш керек эх мен де бийлик болгондо сазайын берет булардын 100миллионго ремонто болду ашып кеттсе бул пчуу чындык
anash түзөттү 2018-02-03 00:45:24
03.02.2018. 05:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дагы жакшы коншу малекеттер коргоп турат. Ошого эчнерсе баштабай акырын келип жатат кыьайлар бирок кантип ошого элдин коопсуздугун ишенип кытайларга тапшырып карап отурасынар. Эмне десе болот. Ынтымак жок ошол учун. кантип кытай биздин башыбызга отуруп алып сууну ысытып муздатып ойноп отурат а кыргызбай бир аз акча берип койсо ичип жеп отурат да анан жыйын откоруп сураса эчнерсе айталбай оозун ачып отурат. Кудай сактап жатат.сактайт деп эле отурабербейличи уффффф
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-02-03 08:11:42
03.02.2018. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бектенов эки саат директор болуп, анан качыптыр го
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: