super.kg logo

Улукбек Кочкоров: "Биз 386 миллион долларга ЖЭБ толук жаңыланат деп ойлогонбуз. Бул жерде абдан чоң коррупция бар"

 

Бишкек жылуулук борборундагы абал жолго коюлуп, жылуулук берилгени менен ЖЭБге жумшалган 386 миллион доллардын тегерегиндеги талкуулар токтой элек. Жаңыланган ЖЭБдин тегерегинде көп суроолор бүгүн да жоопсуз калууда. V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш Кытайдан алынган насыяны 2013-жылы ратификациялаган. Бул келишимге ошол кездеги депутат Улукбек Кочкоров каршы добуш бергендердин бири болгон. Кочкоров эмне үчүн бул чуулгандуу келишимге башынан эле каршы болгонунун себептерин SUPER.KG`ге айтып берди.

"Каршы болгонубуздун бирден бир себеби ЖЭБди жаңылоо боюнча техникалык экономикалык негиздеме жок болчу. Аны эч ким эсептеп чыкпаса, техникалык экономикалык эсеби, долбоору болбосо эмне үчүн 386 миллион доллар деп суроо койгонбуз. Биринчи ката, биз канча кетишин билбей туруп эле 386 миллионду алып баштаганбыз. Экинчи ката, өкмөт башынан эле "ТВЕА" компаниясына тендери жок берүүнү көздөп, ошонун артынан аракет кылып келген. Кытай тараптын шарты боюнча алар бизге насыяны берет, биз долбоорду Кытайдын ишканалары менен гана ишке ашырышыбыз керек. Кытайда 11 ири мамлекеттик энергетикалык корпорациялар болгон, алардын арасынан мыктысын тандабай, биздин өкмөт "ТВЕАга" жабышып алган. "ТВЕА" биздин билишибиз боюнча энергетикага керектелүүчү кабель чыгарган компания болчу.

Башынан эле Кытайдагы ЖЭБдерди куруп келген дагы бир компаниясы "тендер болсо катышабыз" деп ниетин билдирип келген. Алар өкмөткө, Жогорку Кеңешке, президентке кайрылып, тендер өтө турган болсо 30 миллион долларга арзан жасап бере турганын билдирген. Ал компания атомдук, жылуулук энергетикалык борборлорун куруп жүргөн тажрыйбалуу болчу. Бирок өкмөт ага карабай "ТВЕАга" берип койду. Ошондуктан биз каршы добуш бергенбиз
", - деди Кочкоров.

Улукбек Кочкоров ошол кезде өкмөт 386 миллион долларга ЖЭБдин үчтөн бири эле куруларын эске албаганын айтты. Ал ЖЭБдин тегерегинде ири коррупциялык иштер болгон деген пикирде.

"Ал учурда 386 миллион долларга 30 пайызы гана курулат деп айтылган эмес. Толук оңдолуп, жаңы ЖЭБ болот деп ойлогонбуз. Ошондо бүтпөй жаткан экинчи ЖЭБ бар ошону эле куруп бүтүрбөйлүбү деген сунуштар болгон. Ал эми ЖЭБдин 30 пайызы эле жаңыланганын кечээ мен авария болгондон кийин билип жатам. Бул жерде өтө чоң коррупциялык иш болгон. Бул мамлекетке чыккынчылык, диверсия болгон. Эң өкүнүчтүүсү бүгүн да жаап жашырып, ошону убагында жаңылабаганда быйыл кыштан чыкпай тоңуп калмакпыз деп айтып жатышкандары туура эмес", - деди Кочкоров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(24)
03.02.2018. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+25
Мунун башында АША тургансыйт. Ал сот прокуратура ИИМ КГБ баарын колго алып оозун майлап койгон. Тан аай, ишти жаап коюшпаса эле болду
03.02.2018. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
kechirmeni,албеттте туура айтасыз анан Ким болмок эле муну карапайым калк деле билет
03.02.2018. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
АША нын кулагы корунобу экен ушул иштен дагы.Анын коп нерсеге катыштыгы бар болгону учун,баарын жаап жашырып келе жатышат.Муну кантип отмазка кылышат экен эми
03.02.2018. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Dembele84,эч кандай отмазка кылышпайт замандашым ал ушунчалыкка жетишти эч кимди козго илбейт/кимдин кана колунан келет текшериш???????Текебаевди эмнеге камашты деп ойлойсуз
03.02.2018. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ушу Кыргызстандын чондорунун ушундай иштерне нерв болосун. ХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-03 18:58:27
03.02.2018. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Азамат ушул депутаттын сөзүндө чындык бар.
03.02.2018. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Молодец кочкоров. 15-октябрда сизге добуш берген элем мен
03.02.2018. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Айтпайле кой сенида бетибизди ачыпатат деп камап койот жок еле шылтоону айтып
03.02.2018. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эми ушул иштин аягына чыккан депутаттар чыкса экен. 10млн долларга арзан куруп беребиз деп ТЭЦ эмес АЭСтида куралган компания болгон экен. Коррупция ачык эле билинип турат. Эмне учун ТВЕАга жабышып алышкан? Жалпы бир махинациясы болгонго?
03.02.2018. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Жегендерди кустуруш керек
03.02.2018. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsi9,кана кимди айта аласыз кустуруп алат деп Тууган жок дегенде 1адамды мисал келтиринизчи
03.02.2018. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
АШАнын кайра-кайра кытайга каттаганын бекерден эмес го
03.02.2018. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
АША ашмалтайын чыгарып буткон элди бири ойлобойт Кыргыз окмотуно ,элге бир куйгон онуктуройун деген адам жоок!баары эле жемей ичмей.кайран Текебаев сизди камап койуп билгенин жасап жатышат!кечирин бизди эл учун куйгон ак ак деген сизди эл душмандардан коргой албадык
03.02.2018. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кочкоров президент Боло Турган киши палитиканы жакшы тушунот.
03.02.2018. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эми ойгондунарбы??? Коррупции бут олкобузду каптаган,саранча дай болуп
03.02.2018. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мамлекетке чыккынчылык кылган чиновниктерди камаш керек. Качан бизде закон иштейт? 386 млн доллар деген 2 миллиард 600 миллион, 400 мин сом. Бул акчага бир кичи микрорайон курса болот.
03.02.2018. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
386млн кайсы жактарына батырышты экен булар?Бироодон бир сом алсан коркосун го.Булар охууу жеп уйронуп калышыптыр да.Бети жоктор!Тешип чыксын ошол долларлар!
04.02.2018. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Батукаев учкан самолет дагы деле жерге тушо элек... бул коррупция бир кылымда ачылат
04.02.2018. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул ишке Атамбаевтин тийешеси бар окшойтго. Кочкоровтун созундо жан бар.
04.02.2018. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
иштен айдап тимболбой иш козгош керек.
04.02.2018. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жарымын иштетип жарымын 5_6 жетимдер болуп алышканда
04.02.2018. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ХХХХХХХХХХх ушинтип ойлоптур .бир мектептин котелу эмес да бир бобор калаанын казандары болуп жатпайбы. 50 жылдан бери бир ремонт корбогон казандар. Кошунам тэцте иштейт айтты кытайдын казандары болбосо шаар бут тонмок деп . ТХХХХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2018-02-04 12:09:19
04.02.2018. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо башка компания 356 млн долларга тэцти 100 процент жанылап беребиз деген турбайбы
05.02.2018. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келесоо кишиге деле белгилуу болуп калды го жеп жутарлардын жеп алганы АШАсы баш болуп.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: