super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 4-ФЕВРАЛЬ: Эки жыл мурун Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуев каза болгон

 

Кыргыз Эл баатыры, Токтогул сыйлыгынын ээси Сооронбай Жусуев 2016-жылы 4-февраль күнү 91 жаш курагында дүйнө салган.

Кыргыз Эл акыны Сооронбай Жусуев 1925-жылы 15-майда Кара-Кулжа районунун Кызыл-Жар кыштагында туулган. Айыл мектебин бүтөрү менен 18 жашында армияга алынып, 1943-1945-жылдары Панфилов атындагы 8-гвардиялык дивизияда байланышчы болуп кызмат өтөп, майданда эки жолу жарадар болгон.
1947-1949-жылдары Ош мамлекеттик мугалимдер институтунда окуп, кыргыз тил жана адабият факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. 1951-жылы Ош облустук "Ленин жолу" гезитинин редакциясында бөлүм башчы болуп иштеп, 1951-1956-жылдары Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтунда окуган. С.Жусуевдин алгачкы "Алдыга жүргүн, кыргыздар!" деген ыры 1943-жылы "Советтик Кыргызстан" журналына жарыяланган.

Сооронбай Жусуев 1959-жылга чейин "Ала-Тоо" адабий көркөм журналынын башкы редактору, "Чалкан" сатиралык журналында жооптуу катчы болуп эмгектенет.

Акын 1949-жылы эле СССР жазуучулар союзуна кабыл алынат.

1960-1986-жылдары акын Кыргызстан жазуучулар союзунун аппаратында адабий кеңешчи болуп иштеген.

1950-жылы алгачкы "Эмгек күүсү" аттуу ыр жыйнагы басмадан чыккандан кийин, акындын дагы 30дан ашык китеби өз эне тилинде, 14 китеби орус тилинде жарык көргөн. Ырлары казак, өзбек, украин, азербайжан, тажик тилдерине жана башка чет тилдерине да которулуп чыгат.

Анын 70тен ашык ырына обон жазылган. 2003-жылы чыккан "Канат менен Зарина" деген махабат дастаны орус, тажик, түрк, өзбек, кытай жана башка тилдерге которулуп, өзүнчө китеп болуп чыккан. С.Жусуев Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Шевченко, Абай, Мактымкули, Исаакян, Омар Хайям, Маяковский, Есенин, Тычина, Гамзатов, Кулиев, Магжандын жана башка акындардын ырларын кыргыз тилине чебер которгон.

4-февралга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: