Ким Чен Ын Түндүк Кореяда чыгарылган троллейбусту сыноодон өткөрүп, өлкөнүн техникалык өндүрүшүн кубаттоо зарылдыгын айтты
Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын өз өлкөсүндө чыгарылган троллейбусту сыноодон өткөрүп, өлкөнүн техникалык өндүрүшүн өркүндөтүү зарылдыгын айтты. Президент жаңы троллейбуста түнкү Пхеньянды айланып чыккан. Бул тууралуу Кореянын борбордук маалымат агенттигине таянып чет элдик маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматтарга караганда, өлкө башчысы коомдук транспортто ашыкча үн, ыңгайсыздык жараткан жагдайлар жоктугун белгилеп, Пхеньяндагы жүргүнчүлөрдү тейлөө үчүн ички транспорттук өндүрүштү кубаттоого чакырды.
"Биз жаңы нерселерди чыгарып гана тим болбостон, өзүбүздүн технологияларыбызды, өндүрүш процесстерин жакшыртышыбыз керек", - деп билдирген Ким Чен Ын.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:32
2025-06-24
Рейтинг:
1

Туура айтасыңар.Эр жүрөк өлкө башчысы жана өлкө.
Америкага каршы турат эч нерсе кыла алышпады, молодец.
Мунун атасыда ушундай мындан да күчтүү болгон экен гоо..
Путиндер менен жолугуп жакшы адам болгон окшойт.
Эмнесии болсо да жер планетабызда тынчылык болсун.
Бейиштей жерде Кыргызстаныбызда жашап жатканыбызга шүгүр кылалы!