super.kg logo

Корейлердин “Bigbang” тобунун ырчысы Тэяң аскердик кызмат өтөөгө кетердин алдында үйлөндү

 
Тэяң менен Хёринге “Dazed Korea” журналынын атайын чыгарылышына Гавайи аралдарында фотосессия уюштурулган. Басылманын жаңы нускасы да той күнү жарык көрдү.
Кыз-жигит болуп жүргөн кезинде атактуулар мамилесин журналисттерден бекем жашырышканы менен папараццинин объективине баары бир кармалып калышкан.
Үйлөнүү үлпөт тоюн сүрөт жана видеого тартууга тыюу салынганы жарыяланган. Ага карабай, интернетке тараган сүрөттөрдөн тойго "Gangnam Style" ыры менен дүйнөнү багындырган PSY келгени да белгилүү болду.
Үйлөнүү тою эки бөлүктөн туруп, адегенде бир сааттай чиркөөдө орун алып, андан ары отелдердин биринде шаан-шөкөт менен уланган.

Түштүк Кореянын белгилүү музыкалык топторунун бири “Bigbang” бойдокчулук менен коштошууну баштады. Тагыраагы 5 жигиттен турган топтун ырчысы Тэяң кесиптештеринен биринчи болуп кечээ, 3-февралда үйлөндү. Ал өзүндөй эле атактуу, корей актрисасы жана модели Мин Хёрин менен расмий никеге турду.


Тойдон кийин эки жаш бал айын өткөрүшөрү айтылган. Алдын ала жарыялангандай, андан ары Тэяң аскердик кызмат өтөөгө кетет. Түштүк Кореяда 18 жаштан улуу эркектердин баары милдеттүү түрдө аскердик кызмат өтөшөт. Коомчулук мындайда өзгөчө белгилүүлөргө көз салып, кайсы атактуу аскерге жөнөгөнү жатат, же тескерисинче кечиктирип жатканы болсо, аны сөз кылышат. 35 жашка чейин убакыт болгону менен көпчүлүгү 20 жашка жетпей эле милдетинен кутулушат.


Эки атактуу кыз-жигит экенин 2015-жылы жарыялашкан. Ал эми бири-бирине болгон сезимдери Мин Хёриндин Тэяңдын “1AM” клибине тартылган соң пайда болгонун билдиришкен болчу. Анда актриса клипте ырчынын сүйүктүүсү катары роль жараткан.


Маалымат үчүн:
“Bigbang” тобунун ырчысы Тэяң 29 жашта. Ал топтун бийчиси жана композитору катары да белгилүү. Топтон тышкары өз алдынча аткарган ырларынын ичинен “Eyes, nose, lips” деген чыгармасы хит болгон.

Мин Хёрин 31 жашта. Адегенде карьерасын модель катары баштап, кийин клиптерге тартылууга чакырылып, көп өтпөй ырчылыкка өткөн. Ал эми актриса катары “Күндөй жаркыраган” деген тасмадан элге таанылган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
04.02.2018. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ажырашпагыла эми.
05.02.2018. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ayashtyn jashy uluubu
05.02.2018. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушул жапжасалма сулуулардын эмнесине кызыгышат, козу мурду оозу бети жаагы баары жасалма))) макияжы жок корсон журогун тушот
05.02.2018. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Не мясо не рыба го
05.02.2018. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дастаркону гул менен эле толуп калыптырго
05.02.2018. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1АМ киносун коруш керек экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: