Ошто баласын депкир менен эстен тангыча сабаган эне наристени никесиз төрөгөндүгү айтылууда
Ошто 3 жаштагы баласын депкир менен эстен тангыча сабаган эне наристени никесиз төрөшү мүмкүн. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Берилген маалыматка ылайык, баланы алып апасы 3 күн мурун Кара-Кулжа районунан Ош шаарына эжесинин үйүнө келген. Окуя эжесинин үйүндө болгон.
"Учурда бул боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Баланы сабап жатканда жанында башка адамдар болгонбу же болгон эмеспи азырынча белгисиз. Баланын абалы оор бойдон калууда", - дейт маалымат катчы.
Ошондой эле өздүк булактардын билдирүүсүнө ылайык, баласын сабаган 23 жаштагы А.Д. аттуу келин сойкулук менен алектенип жүргөн.
Буга чейин Ош шаарында энеси тарабынан катуу сабалган бала комага түшүп, Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы маалымдалган.

Бироого зар дуйно, бироого кор дуйно деген ушул экенда.
(((
мага берчи керек эмес болсо779