super.kg logo

"Саясий туткундарды коргоо" комитети: "Камакта жаткан оппозиционерлердин абалы оор"

 
"Саясий туткундарды коргоо" комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаев

Бүгүн, 5-февралда камакта ачкачылык кармап жаткан оппозициялык саясатчылар Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыровдун жакындарынын митинги аяктады. Митинг №47-колониянын алдында өтүп, анда 20га жакын адам катышты.

"Саясий туткундарды коргоо" комитетинин төрагасы Сапар Аргымбаевдин айтымында, учурда оппозиционерлердин экөөсүнүн абалы оор. "Бектур Асанов 3-февралдан 4-февралга караган түнү өзүн жоготуп баштаптыр. Кадыров инфаркт алдындагы абалда. Карыбековдун абалы учурда жакшы", - деди Аргымбаев.

Ал оппозиционерлерге адвокаты кирип жолугуп чыкканын баса белгиледи. "Саясатчылар Жогорку Кеңешке кайрылуу беришти. Алар УКМКнын башчысы Абдил Сегизбаевди кызматынан кетирип, ишин сотко берүүнү суранышууда. Биз да саясатчыларга кат жөнөтүп, ачкачылыкты токтотуусун сурандык", - деди Аргымбаев. Ошондой эле ал ачкачылык жарыялап жаткан адамдардын талаптары аткарылмайынча митингдер улана берерин айтты.

Буга чейин Жаза аткаруу кызматынын өкүлдөрү камактагы аталган саясатчынын абалы жакшы экенин, маселе жаралбай турганын айтышкан.

Эскерте кетсек, 30-январда жогоруда аты аталган жарандар ачкачылык жарыялашкан. Мындан улам алар УКМКнын тергөө абагынан №47-колонияга которулган.

2016-жылы март айында оппозиция өкүлдөрү Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландашкан" деген негизде кармалышкан.

Сотто Бектур Асановдун мындан кийин соттук отурумга келбей турганы боюнча айткан аудио интернетке тараган. Анда Асанов Кыргыз мамлекетиндеги сот системине ишенбей турганын билдирген. Ошону менен катар эле алар ачкачылыкты аягына чейин кармай турганын айткан.

"Бул жакка келип сотко катышкандын эч кандай жыйынтыгы жок. Мен экинчи сотко келбейм. Сотко ишенбейм, каалагандай соттой бергиле. Акыр аягына чейин ачкачылыкты кармайбыз", - деп айтылат аудиодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: