super.kg logo

Арашан айылынын 40 жаштагы тургуну жаш кызды сүзүп качып кеткен деген шек менен кармалды

 

Аламүдүн районунда жолдон өтүп бара жаткан кызды сүзүп качып кеткен деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылын көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалым болгондой, шектүү катары 40 жаштагы А.Б аттуу Арашан айылынын тургуну кармалган. Ал Хонда HRV унаасын короосуна катып койгон. Учурда унаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, катталган окуя боюнча териштирүү иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, 3-февраль күнү болжол менен саат 19:45 чамасында Кой-Ташта белгисиз унаа 1995-жылы туулган кызды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткени маалым болгон. Кыз алган жаракатынан улам каза болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.02.2018. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз дебей келин деп жассанар!!! Бечеранын боюнда да бар экен. Андан башка дагы эки баласы бар эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: